Centerra Gold Inc. компаниясы Акылбек Жапаровдун сөздөрүн четке какты

Канадалык алтын өндүрүүчү Centerra Gold Inc. компаниясы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун билдирүүсүн четке какты.

«Биз Кумтөр кенин мыйзамсыз басып алган кыргыз өкмөтүн жоопко тартуу үчүн бардык юридикалык чараларды көрүүнү улантабыз. Маалыматты ачыктаганыбызда жаңы нерсе деле жок. Ал 2021-жылдын 10-августунда кен биздин балансыбыздагы токтотулган бизнес-операция катары катталганы тууралуу жасаган жарыябызды ырастайт», — деп түшүндүрдү компания.

20-ноябрда Акылбек Жапаров Centerra Gold Inc. Кумтөр кенине мындан ары ээлик кылбай турганын расмий жарыялаганын айткан.

«Мындан бир нече саат мурда, Канада убактысы боюнча 19-ноябрда, кечке маал биржалык соода жыйынтыкталгандан кийин Centerra Gold Inc. компаниясы аларга мындан ары кыргыз элинин улуттук мурасы – Кумтөр кени таандык эместигин тааныгандыгы тууралуу чечим кабыл алды. Centerra Gold Inc. өзүнүн баланстык наркынан 926 млн. долларды эсептен чыгарууга жана Кумтөр кенине көзөмөлдү жоготконун билдирүүгө аргасыз болду», — деген ал.

Жапаровдун айтымында, мындай чечим Канаданын Онтарио провинциясынын Баалуу кагаздар боюнча комиссиясынын талабы менен кабыл алган.

Centerra Gold Inc. компаниясынын 19-ноябрдагы отчётунда Кыргызстандын өкмөтүнүн кадамдары Кумтөр кенин басып алууга алып келгенин, мындан улам алар кенге болгон көзөмөлдү жоготушканы айтылат.

«Көзөмөлдү жоготуунун натыйжасында компания 2021-жылдын экинчи кварталынын жыйынтыгы боюнча «Кумтөр» кенинин ишинин жыйынтыгын жокко чыгарып, башкарууну алмаштыруудан 926,4 миллион доллар чыгым тартты. Ошол эле маалда “Кумтөр Голд Компани” компаниясындагы үлүшүнө эч кандай маани берген эмес (Кумтөр кенине ээлик кылган 100 пайыз туунду компаниясы) жана учурда Кумтөр кенин токтоп калган ишмердүүлүк катары карап жатат», — деп билдирген канадалык компания.

Кыргызстан жана Centerra Gold Inc. компаниясынын Кумтор кенине байланыштуу орун алган талаш-тартышы жарым жылдан ашуун убакытка созулуп жатат.

Тема боюнча окуңуз:

Уулуу калдыктар: Кыргыз бийлиги менен «Центерранын» чыры уланууда