Уулуу калдыктар: Кыргыз бийлиги менен «Центерранын» чыры уланууда

Ушул тапта Кыргызстандын бийлиги сыртынан башкарып жаткан «Кумтөр Голд Компани» (КГК) Кумтөр кенинде мыйзамсыз көмүлгөн уулуу калдыктар табылганын кабарлады.

КГК буга Канаданын Centerra Gold Inc. компаниясын айыптап, алар өлкөнүн жаратылышты коргоо мыйзамдарын жана эл аралык экологиялык стандарттарды бузган деп белгиледи.

Ал эми Centerra кенде бардык экологиялык ченемдерди сактоо менен иш жүргөн деп айтууда.

КГК эмне дейт?

5-октябрда «Кумтөр Голд Компани» өз сайтына «“Кумтөр” кенинде канадалыктар тарабынан кыргызстандын жаратылышты коргоо мыйзамдарынын жана эл аралык экологиялык стандарт ченемдерин одоно бузуу фактылары аныкталды» деген аталыштагы билдирүү жарыялаган.

Анда кен жайдан мыйзамсыз көмүлгөн уулуу заттардын калдыктары табылганы айтылган.

КГКнын маалыматына караганда, кендин ар кайсы жерлеринде химиялык реагенттердин таңгактары, май чыпкалары, эски дөңгөлөктөр, тоо техникасынын тетиктери, ал тургай бүтүндөй унаалар дагы болгон.

Бул тууралуу 28-сентябрда Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Динара Кутманова дагы Facebook барагына жазган. Кутманова Кумтөрдө аныкталган бузуулар жөнүндө айтып, «кызматкерлердин айтымында, 25 автоунаа жерге көмүлгөн, аларды табуу керек» деп жазган.

«Жылдар бою кен ишканасынын өндүрүштүк жана тиричилик калдыктарынын көп бөлүгү кайра иштетүүнүн ордуна жерге көмүшүп келишкен. Ал полигондор бир дагы отчетто же документте көрсөтүлгөн эмес, аларды кызматкерлердин жардамы аркылуу гана табууга мүмкүн болгон. Казуу иштерине катышкандардын баары нес болуп таң калышууда. Экологдордун айтымында, мындай калдыктарды көмүү жерлери кендин дээрлик бардык аймагында бар», — деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

Экологдордун маалыматына караганд, кендин ар кайсы жеринде төрт метр тереңдикте дагы бир нече ири таштанды төгүүчү жай бар.

Кутманова Centerra Кыргызстанда өз билемдик менен иштегенин билдирди. Анын айтымында, «көзөмөлдөөчү органдар кенге болгону бир-эки күнгө, Centerra уруксат берген аймактарга гана келип кетип турган».

«[Centerra] 2009-жылдагы стратегиялык макулдашуу боюнча “Кумтөр” долбоору улуттук гана эмес, ошондой эле эл аралык экологиялык катаал нормаларды сактоого милдеттүү болучу. Динара Кутманованын айтымында, эгерде ушу сыяктуу бир калдык көмүү жери Канаданын кендеринде же башка батыш өлкөлөрдүн кендеринде табылса, бул экологиялык катастрофанын белгиси болмок жана өндүрүүчү компанияны бүткүл дүйнө айыптамак», — деп айтылат КГКнын билдирүүсүндө.

Динара Кутманова Кумтөрдө. Сүрөт: «Кумтөр Голд Компанинин» расмий сайты 

Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин калдыктарды башкаруу бөлүмүнүн адиси Самат Шатмановдун айтымында, «негизи пайдаланылган техника жана иштетилген материалдарды көмүү туура эмес».

КГК азыркы учурда компаниянын тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн тапшырмасы менен кенде катуу экологиялык көзөмөл киргизилип, бардык калдыктар иргелип, кайра иштетүүгө жиберилип жатканын билдиришти.

Компаниядан мыйзамсыз таштандылар жөнүндө бардык маалыматтар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлгөнүн кошумчалашты. Ошондой эле тергөөдө кыргызстандыктарга, анын ичинде мурдагы мамлекеттик кызматкерлерге дагы бир катар суроо жаралышы мүмкүн экенин белгилешти.

Centerra эмне дейт?

«Кумтор Голд Компанинин» билдирүүсүнө чейин 4-октябрда Centerra кыргыз бийлигинин айрым айыптоолоруна жооп берген билдирүүсүн жарыялаган.

Канаданын компаниясы «кенди эл аралык экологиялык жана социалдык стандарттарга ылайык башкарылган, ал эми анын ишмердиги Кыргызстандын өкмөтү менен түзүлгөн макулдашуулар менен мыйзамдарын толук сактоо менен жүргүзүлгөн» деп билдирген.

«Кендин экологиялык көрсөткүчтөрү көп жолу сырткы аудитке кабылган. Анын ичинде Кыргызстандын өкмөтүнүн айлана чөйрөнү коргоо боюнча AMEC Foster Wheeler консультанты жана Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы тарабынан текщерүү жүргөн. AMEC отчёттору Кумтөр кени эл аралык алдыңкы ыкмалар менен иштегенин, компания жакшыртуу сунуштарын аткарганын тастыктаган», — деп айтылат Centerra’нын билдирүүсүндө.

Centerra менен соттошуу

Centerra Gold Inc. «Кумтөр Голд Компани» «туундуу» компаниясы аркылуу Борбор Азиядагы бийик тоолуу ири алтын кени Кумтөрдү иштетет. Кыргызстан Centerra Gold’дун акциясынын 26%на ээлик кылат жана компаниянын акцияларынын ири кармоочусу болуп эсептелет.

Бирок 2021-жылдын майында кыргыз бийлиги канадалык компанияны мыйзамды жана экологияны бузган деп айыптап, «Кумтор Голд Компаниге» тышкы башкаруу киргизген.

18-майда минкабдын башчысы Улукбек Марипов «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктү жамаатка тааныштырып атат. Сүрөт: минкабдын басма сөз кызматы.

Кумтөр кенинин айланасындагы жаңжал бир нече айдан бери уланууда. Үстүбүздөгү жылдын май айынын башында Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен. Сот компанияны Кумтөр кенин иштетүүдө Лысый жана Давыдов мөңгүсүнө калдыктарды төгүүгө күнөөлүү деп тапкан.

Ал эми 12-майда Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия ишинин алдын ала жыйынтыгын чыгарып, алтын казуучу компаниядан, буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу менен 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алууну сунуштаган.

Centerra Gold Inc. кыргыз бийлигинин аракеттерине жооп кылып, Кыргызстандын өкмөтүнө каршы арбитраждык милдеттүү териштирүү демилгелеген. Компаниядагылар бийликтин аракети тараптардын ортосундагы келишимдерди бузат деп эсептешет жана алар укуктарын коргоону көздөшөт.

Канаданын компаниясы сотто Кыргызстандын бийлиги тарабынан жүргүзүлө турган башкарууну токтотууну көздөп жатат жана жакында эле коюлган айып пулдарды жана салыктык доолорду жокко чыгартууну көздөөдө. Centerra бул иш-аракеттер Кумтөр боюнча инвестициялык макулдашууларды бузуп жатат деп эсептейт.

Ошондой эле, Centerra Gold Inc Кыргызстандын «Кумтөр голд компаниге» каршы аракеттеринин негизинде келтирилген зыянды жана чыгымды кыргыз тарапка төлөтүп алууну көздөйт.

Кийинчерек Centerra үстүбүздөгү жылдын экинчи кварталына карата отчётун жарыялаган. Анда компания Кумтөр кени Кыргызстандын карамагына өткөндөн кийинки чыгымды 926,4 млн доллар деп баалаган.

Ал эми 8-июлда Канаданын компаниясы арбитраждык сотто кыргыз өкмөтүнө кошумча доо талаптарды койгонун жарыялаган.

Centerra Gold Inc. кыргыз өкмөтү менен «Кыргызалтынга» «алтын кенин чогулуп басып алып, эзелки инвестициялык келишимдерди бузгандыктан» тарткан бардык зыян менен чыгымдар үчүн да жоопкерчилик жүктөгөн.

1-июнда Centerra’нын туунду компаниялары — «Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» Нью-Йорктун түштүк округунун банкрот иштери боюнча сотуна кайрылып, банкротко учуратуу процессин баштоону суранган. Сот доо арызды кароону белгисиз мөөнөткө жылдырган.

«Кумтөр» болсо Centerra’нын аракеттери «ар кыл ыкма менен кендин ишмердигин токтотууга» жана «Кыргызстанды мындай олуттуу өндүрүш комплексин башкарууга даремети жетпейт деп айыптоого» багытталган деп эсептейт.

Женевадагы сүйлөшүүлөр

28-сентябрдан тартып 30-сентябрга чейин Кыргызстан менен Centerra’нын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду өттү.

Кыргыз делегациясын экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев баштап барды. Centerra’нын делегациясын башында Канада компаниясынын президенти жана аткаруучу директору Скотт Перри турду.

Кыргызстан менен Centerra’нын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн биринчи раундунун катышуучулары: Скотт Перри, Камчыбек Ташиев, Акылбек Жапаров, Курманкул Зулушев жана Теңгиз Бөлттүрүк. Долматовдун айтымында, сүйлөшүүлөргө эки тараптын юристтери дагы катышкан.

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев сүйлөшүүлөрдөн кийин мындай демилгени Centerra’нын башчысы Скотт Перри сунуштаганын билдирген. Султанбаевдин айтымында, «Центерранын» директору түзүлгөн кырдаалды чечүү боюнча «мүмкүн болгон бардык жолдорду, анын ичинде Кыргызстандын “Кумтөр Голд Компани” ишканасына ээлик кылуусун карап көрүү үчүн нейтралдуу аймакта сүйлөшүү» сунушу менен кайрылганын маалымдаган.

Кийин сүйлөшүүлөр боюнча президент Жапаров өзү да пикирин билдирген. Ал Кумтөр кени боюнча эл аралык арбитраждык сотто иш Кыргызстандын пайдасына чечилип жатканын билдирген.

«“Эл аралык соттон утулуп калсак эмне болот?” — дегендер да бар экен. Утулбайбыз, утабыз. Макул, дүйнөлүк мафиянын таасирине салып бизди утуп алды дейли. Эмне болот? “Кумтөрдү” көчүрүп кетеби? Жер биздики, тоо биздики, байлык биздики, акыры келип эл да биздики го?» — деп жазган ал Facebook барагына.

«Центерранын» өзүндө сүйлөшүүнүн биринчи айлампасы тууралуу азырынча эч кандай билдирүү таратыла элек.

Тема боюнча окуңуз:

«Ак желек көтөрүп барган жокпуз» — «Кумтөрдүн» юристи Centerra менен болгон сүйлөшүүлөр тууралуу

ТИМ: Кыргыз алтынын Индияга экспорт кылуу талкууланып жатат