Бишкек: Гепатитке чалдыккандар нааразычылык акциясына чыгышты

22-ноябрда гепатит жуктурган 20дан ашык адам Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдына нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу «Клоопко» митингдин уюштуруучуларынын бири Кенжебек Абдыкадыров билдирди.

Анын айтымында, акцияга чыккандар президенттен дары-дармек менен оорунун алдын алуу үчүн вакцина көйгөйүн чечип берүүнү талап кылып жатышат.

«Бийликтен дары-дармекти бекер кылып берүүсүн талап кылып жатабыз. Дарылар, анализ тапшыруу абдан кымбат. Бул маселе чечилбесе, гепатит оорусу көбөйө берет», — деди ал.

Ошондой эле, Абдыкадыров өлкөдө гепатит менен ооругандар үчүн атайын борбор же оорукана куруу керек деп эсептейт.

Нааразылык акциясына чыккандар менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү жолукту. Алар митингчилердин талаптарып жазып алып, бир жуманын ичинде жооп берүүнү убадалады.

Ал эми Абдыкадыров эгер министрлер кабинети көйгөйдү бир жумада чечип бербесе «митингге мындан да көп киши менен чыга турганын» кошумчалады.

Буга чейин, үстүбүздөгү жылдын 11-ноябрында гепатит оорусуна чалдыккан адамдар Саламаттык сактоо министрлигинин имаратынын алдына митингге чыгышкан. Алар дарылар жетишсиз жана кымбат экенин айтып, бийликтен өлкөдөгү бааларды көзөмөлдөөнү талап кылышкан. Мындан тышкары алар Кыргызстанда гепатитти аныктаган лабораториялардын көрсөткөн кызматы кымбат экенин, ушундан улам эл текшерилбей жатканын, ага карабай ооруканаларда текшерилбеген донор каны куюлуп, боор ооруларынын жугуштуу инфекциялары жайылып жатканын эске салышкан.

Митингге чыккандар мурдагы вице-премьер министр Аида Исмаилова аларга Индиядан баасы 3 АКШ долларын түзгөн дары алып келүүнү убада кылганын, бирок дары сертификациядан өтпөй калганын кошумчалашкан.

Жыл сайын дүйнөдө гепатиттин В жана С түрүнөн дээрлик бир жарым миллион адам каза болот. Кыргызстан өнөкөт, жугуштуу гепатит менен ооруган өлкөлөрдүн катарына кирет.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жылына Кыргызстанда сегиз миңден 22 миңге чейин жугуштуу гепатит оорусу катталат. 2020-жылы 4805 адам жугуштуу гепатитке чалдыкса, 2019-жылы илдет 6,6 миң кишиден аныкталган.

Гепатит — боорду жабыркаткан жугуштуу дарт. Өз ичинен ал А, В, С, D жана Е болуп беш түргө бөлүнөт. Гепатиттин А жана Е түрү оорунун жеңил формасы болуп саналат. Башкача айтканда, илдеттин бул түрү өнөкөткө айланып кетпейт. Ал эми гепатиттин В, С, D түрлөрү адамда билинбей пайда болуп, көп убакыт дарылоону талап кылат. Ошондой эле анын өнөкөткө айланып кетүү коркунучу бар.

Дагы окуңуз:

Коррупциялашкан схема жана көмүскө бизнес. Дары-дармектен кантип акча жасашат?