Сузак: 9 жашар Сумая төрт күн мурда мектепке кеткен боюнча дайынсыз болууда

Сумая Хосилжанова

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мектепке кеткен боюнча дайынсыз жоголгон 9 жаштагы Сумая Хосилжанованы табууга ата-энеси жана милиция коомчулуктан жардам сурайт.

Облустук милициянын маалыматына ылайык, кыз үйүнөн 18-ноябрь күнү саат 12:40 чамасында мектепке чыгып кеткен. Бирок ошол күнү окууга барган эмес.

Сумая башына ак түстөгү жоолук салынып, ак көйнөк, боз түстөгү жемпир, көк түстөгү куртка кийип кеткен. Бутунда кызгылт түстөгү бут кийими болгон.

Өспүрүмдүн бою 120-130 сантиметр, өңү кара-тору, чачы кара, кыска, кашы-көзү кара, өзү арык дене түзүлүштө.

Издөө иштерине Сузак РИИБдин кызматкерлеринен сырткары 100дөн ашуун айыл тургундары кошулду. Алар айылдарды аралап, кыздын сүрөтүн элге көрсөтүп издеп жатышат. Ошондой эле талаалар жана сай бойлору текшерүүгө алынууда.

Аны көргөн-билгендер болсо 102, (03722) 7-39-90, 0553 78-00-78, 0771 93-60-70 номурларына байланышып, кабар беришсе болот.