Темирлан Султанбеков / Али Токтакунов

КТРК уюштурган партиялардын өкүлдөрүнүн тегерек столунда «Ата-Мекендин» талапкери Али Токтакунов менен «Социал-Демократтар» партиясынын өкүлү Темирлан Султанбеков бир нече маселелер боюнча тартышышты.

Талаш-тартышка эмне себеп болду?

Пикир келишпестик алып баруучулар катышуучулардан Улуттук тарых музейинин беш жылдан кийинки ачылышын кандай кабыл алдыңыздар деген суроодон кийин келип чыкты. Султанбеков бул суроого жооп берип жатып «Социал-Демократтар» шаардык кеңешке шайлоонун алдында музейди ачуу тууралуу убада берип, аны «аткардык» деп билдирди.

Сапар Исаков

Токтакунов музейдин оңдолушу чыр менен коштолгонун белгилеп, ага млндогон акчалардын максатсыз пайдаланганы себеп болгонун билдирди. Ошондой эле ал Улан Эгизбаевдин журналисттик иликтөөсүн эске салып, андан кийин Сапар Исаков соттолгонун белгиледи.

*«Азаттык» 2018-жылы «Музейдеги миллиондор» аталышындагы журналисттик иликтөө жарыялаган. Анда Улан Эгизбаев музейге сатып алынган эмерек-жабдыктар чет өлкөдөн кымбаттатылган баада жана тендерсиз келгенин аныктаган. Ошондой эле музейдин ичин оңдогон «СМУ-3» ишканасы да тендерсиз тандалганы белгилүү болгон. Ал жылдары Сапар Исаков премьер-министр болуп турган.

Бирок Темирлан Султанбеков буга жооп кылып, Исаков* экс-бажычы Райымбек Матраимовду «кызматтан алып, куугунтуктаганы үчүн түрмөдө отурат» деди.

«Сапар Исаков музей үчүн түрмөдө отурган эмес. Сапар Исаков мамлекеттик бажыдан бажы төлөмдөрүн он эсе көбөйткөн. Ошондуктан камалган … Долбоорду Сапар Исаков реализация кылдыбы? Сиз Евгения Строкова, Аида Касмалиевалардай болуп элди алдагыңыз келип атат. Андай болбойт. Сапар Исаков премьер-министр катары барып сатып албайт. Чет өлкөдөн сүйлөшүп акчаны кредитке эмес, грантка алып келген», — деди Султанбеков.

Райымбек Матраимов

*Сапар Исаков Бишкек ЖЭБди реконструкциялоодогу коррупция боюнча 15 жылга кесилген. Тергөө аталган иш боюнча мамлекетке 111 млн долларлык зыян келтирилгенин аныктаган жана бул чыгымдар айыпталуучулардын мойнуна жүктөлгөн.

Мындан сырткары Исаков Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөтүү иши боюнча 18 жылга кесилип, мамлекетке келтирген 247 млн 650 миң сом зыянды ордуна толтурууга милдеттендирилген. Бирок ал 2020-жылдагы октябрь окуяларында абактан бошотулуп, чет өлкөгө чыгып кеткен.

Алмазбек Атамбаев

Ал эми «Ата-Мекен» партиясынын талапкери Райымбек Матраимовду «кызматтан кызматка өстүргөн» мурдагы президент Алмазбек Атамбаев болгонун айтты.

«Атамбаев бийликке келгенде анын байлыгы канчалык өскөнүн, таасири канчалык өскөнүн, президенттерге канчалык таасир эткенин билебиз. Кийин меники эмес, мен аны тааныбаймын деп түртө качса эле чындык болуп калбайт. Экинчиден Сапар Исаковдун музей маселеси боюнча 250 млн доого жыгылганы анык. Матраимов маселесинде атамбаевчилдер сүттөн ак болгусу келет да. Биринчи бажыдагы коррупцияны гүлдөткөндөрдү бөпөлөп, көкөлөтүп өстүргөн ошолор болгон», — деди Токтакунов.

*Райымбек Матраимов 2013-жылы Бажы кызматынын түштүк башкармылыгын жетектеген. Ал эми 2015-жылы ведомствонун башчысынын орун басары болуп дайындалган. Матраимовдун айтымында, ал бул кызматка Атамбаев жана анын «шоопуру» Икрам Илмияновдун колдоосу менен дайындаган. Матраимов бул кызматтан 2017-жылдын 23-ноябрында алынган. Тиешелүү буйрукка Сапар Исаков кол койгон. Анын эртеси күнү Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы болгон.

«Ата-Мекен» партиясы, АККА жана АКА компаниялары

Андан кийин «Социал-демократтар» партиясынын өкүлү өткөн жылдагы парламенттик шайлоодо «Ата-Мекен» партиясын «Матраимов каржылады» деп билдирди. Анын пикиринде муну «эч ким тан алган жок».

«Былтыр «Ата Мекен» партиясы миллиондогон акчаны чачып, шайлоого барды эле. Быйыл эмнеге акча чача албай калды? Райым эмнеге бербей калды?» — деп суроо салды ал.

Токтакунов былтыркы шайлоодо талапкерлердин көбү бинесмендер болгонун, алардын салымынын негизинде акча которулганын белгиледи. Ошондой эле Султанбековду фактылар менен сүйлөөгө чакырды.

«Былтыр деле алынын жетишинче акча коротулган, быйыл деле өзүнүн алынча талапкерлердин салымынын негизинде акча коротулуп жатат. Анан эч бир далилиңиз жок туруп эле, берген, алган дей бербей бир нерсе көрсөтүңүз да […] Силер он жылда бийликте турдуңар. Ошондогу бүлүндүргөн нерсеңерди кайра оңдой албайсыңар. Анан бийликке баратканыңардын бир эле максатыңар бар. Бул Сооронбай Жээнбековдон өч алыш эле. Башка максатты көрбөй турам», — деди Токтакунов.

*Жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо «Ата-Мекен» партиясы 52 млн сомдон ашуун каражат сарптаган. Быйыл шайлоо өнөктүгүнүн алгачкы эки аптасында 4 млн сом коротту. Ал эми «Социал-Демократтар» өткөн шайлоодо 16 млн коротушкан, ал эми 11-ноябрга карата 5 млн сомдон ашуун акча жумшады.

Темирлан Султанбеков болсо октябрдагы шайлоодо «Ата-Мекендин» катарында үч бажычы жана АККА компаниясынын жетекчиси Керимберди Макеев партиянын катарында барганын билдирди. Ал Макеев учурда «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен шайлоого катышып жаткандыктан «көп акчаны алар кетирип атат» деди.

2019-жылы Али Токтакуновдун «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аталыштагы журналисттик иликтөөсүнө AKA компаниялардын тобу ири кытайлык ишкер Хабибулла Абдукадырга таандык болгону, ал Матраимовдор менен байланышы бар болгону ачыкталган. Компаниялардын тобуна Германияда жайгашкан AKA Immobilien GMBH жана AKA Petroleum GMBH ишканалары кирет.

Мындан сырктары, Кыргызстанда 2014-жылы «AKA минералз энд майнинг» компаниясы негизделип, аны Касым Курбанов жетектеп баштаган. Аталган компания «Мегакомду» сатып алууну жана «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашырууну көздөгөн. Кийинчерээк компаниянын аталышы «АКА Инвестке» алмашылган.

Ал эми Султанбеков сөз кылган «АККА компаниялардын тобу» жабык акционердик коому курулуш тармагында ишмердүүлүк кылат. Ал 2011-жылы негизделип, ондогон туундуу компанияларды камтыйт.

2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоодо «Ата Мекендин» катарында «АККА компаниялардын тобунун» директорлор кеңешинин мүчөсү Керимберди Макеев жана экс-бажычы Ким Ин Сен болушкан. Мурдагы бажычы бул жылы да шайлоого «Ата Мекен» менен катышууда.

«Социал-демократтар» менен шайлоого аттанган Эркин Сопоков

Тегерек столдон кийин Али Токтакунов «Социал-Демократтар» партиясынын катарында Кыргызстандын Түркиядагы экс-консулу Эркин Сопоков катышып жатканын билдирди. Сопоков 2020-жылдын июнь айында «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен соттолуп, 300 миң сомдук айыпка жыгылган.

«[Партиянын тизмесинде] миллиондогон долларды адалдап сыртка алып чыгып кетип, ошого байланыштуу эл аралык издөөдө жүргөн адамды, Эркин Сопокувду көрөсүңөр. Эркин Сопоков мурдагы консул. Ал мамлекеттен 10 миң долларды уурдап алганы үчүн камакка алынган болчу. Ал эми, камакта мага каршы жалган көрсөтмө берип, каралоолорду жаадырган үчүн үй камагына бошотулган», — деди Токтакунов.

*Эркин Сопоков УКМКга сурак берип жатып кытайлык ишкер Айэркен Саймаити бажыдагы коррупция тууралуу иликтеген журналист Али Токтакуновго 100 миң доллар төлөгөн деп айткан. Бирок атайын кызмат буга байланыштуу далилдерди көрсөтө алган эмес. Журналист Али Токтакунов болсо Саймаитиден «бир дагы цент албаганын» билдирген.

Эркин Сопоков (сол жактан биринчи) жана Айэркен Саймаити (сол жактан үчүнчү)

Журналисттерге бажыдагы коррупция тууралуу ачыктаган ишкер Саймаити Түркиянын Стамбул шаарындагы кафелердин биринде киши колдуу болгон. Ошол күнү Саймаити кафеге Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Сопоковго таандык болгон консулдук унаада келген. Кийинчерээк активисттер Сопоков менен Саймаити тааныш экенин чогуу түшкөн сүрөттөрү аркылуу далилдеп беришкен.

Ишкердин өлүмүнө айыпталып кармалган шектүүлөрдүн айтымында, «Саймаитинин өмүрү 1000 долларга бааланган». Ал эми Сопоков бул окуянын эртеси күнү кызматынан алынып, ага карата үч кылмыш иши козголуп, ал үй камагына чыккан.