Жанар Акаев: Мэрлерди жана айыл өкмөт башчыларын эл өзү шайлашы керек

Жанар Акаев

Парламенттик шайлоого катышып жаткан «Альянс» саясий партиясынын талапкери Жанар Акаев аймактык административдик реформа жасоодо айыл өкмөт башчыларын жана шаар мэрлерин эл өзү, түз шайлашы керек деп билдирди. Ал мындай пикирин 22-ноябрда Коомдук биринчи каналда өтүп жаткан дебат учурунда айтты.

«“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзам долбоору кабыл алынып жатканда мэр жана айыл өкмөт башчыларды дайындоо эмес, шайлоону сунуштаганбыз. Тилекке каршы, биздин сунуш кабыл алынган жок», — деп айтты ал.

*Жергиликтүү бийлик жөнүндө жаңы мыйзамга ылайык, айыл өкмөт башчыларды жана райондук маанидеги шаарлардын мэрлерин акимдер дайындайт. Ал эми облустук маанидеги шаарлардын мэрлерин президент өзү дайындайт.

Ошондой эле Акаев президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк институтун жоюу керек деген пикирде. Талапкердин айтымын, «губернаторлор жөн эле айлык алып отурат».

«Акыркы жолу губернаторду качан көрдүңүздөр эле? Алар жөн гана “лента кескич”[...] Азыр жөн эле бир жерде бала бакча ачылса же көпүрөнүн ремонту бүтсө барып ошол жерде кайчысын көтөрүп алып, лента кыркканга гана жарайт. Мына элибиз көпүрө бузулса дагы, бала бакча керек болсо дагы президентке кайрылып отурат», — деди Акаев.

22-ноябрда КТРКда парламенттик шайлоодо ат салыша турган «Аруузат-Эл Куту», «Альянс», «Ынтымак» жана «Ишеним» партиялардын арасында дебат өтүүдө.

Дебатка «Аруузат Эл Куту» аялдар партиясынан Советбек Зикиров, «Альянстан» депутат Жанар Акаев, «Ынтымактан» депутат Марлен Маматалиев жана «Ишенимден» Медер Алиев катышууда.