Бактыбек Калмаматов: Курултай институту бийликтин камчысын чапкандардын деңгээлинен көтөрүлбөйт

Бактыбек Калмаматов

КТРКда өтүп жаткан партиялардын лидерлеринин дебатында «Азаттыктын» талапкери Бактыбек Калмаматов президент демилгелеген Элдик курултай институтун сынга алды.

Анын пикиринде, бир өлкөдө эки кеңеш болушу мүмкүн эмес жана курултай институтун ишке киргизүү бул бөйрөктөн шыйрак чыгарууга барабар.

«Дал ошол ата-бабаларыбыз “кеңешип кескен бармак оорубайт” деп Жогорку Кеңеш түзүшкөн. Жогорку Кеңештин үч функционалдык милдетинин бири бул элдин өкүлчүлүгү. Ошол өкүлчүлүк миссия бул курултайдын миссиясы. Ага дагы үч миң адамдан турган Курултай түзүү максатка ылайыксыз […] Көрөсүңөр, жылдар өтөт, курултай институту — бийликтин камчысын чапкан кошоматчылардын армиясынын деңгээлинен жогору көтөрүлбөйт», — деди ал.

Ошондой эле Калмаматов Элдик курултай эл шайлаган парламенттен жана президенттен кантип отчёт алат деп суроо салды.

«Курултай президентти кетире албайт, парламентти тарата албайт, анда эмне жумуш аткарат алар? Бул бизди саясий кризиске алып барат. Өлкөнү башаламандыкка, саясий конфронтацияга алып барат», — дейт Калмаматов.

Үстүбүздөгү жылдын 5-майында ишке кирген жаңы Конституцияда Элдик курултай институту киргизилген. Курултайды кайтарууну президент Садыр Жапаров өзү сунуштаган. Жапаров курултай институту коомдук башталыштагы орган болуп, мамлекеттик органдардан отчёт угат деп белгилеген.

«Азаттык» партиясын мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков жетектейт. Тизмеге Жогорку Кеңештин ар кайсы чакырылышынын мурдагы депутаттары да кирген. Партияда парламенттин мурдагы төрагалары Медеткан Шеримкулов, Ишенбай Кадырбеков, Акматбек Келдибеков, экс-депутаттар Жылдызкан Жолдошева, Бактыбек Калмаматов жана журналист Мыктыбек Арстанбек бар.

Талапкерлердин арасында бажыдагы коррупция боюнча соттолгон экс-бажычы, журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты Райымбек Матраимовдун жигердүү тарапташтары да бар.

Партиянын алдыңкы бештигин экс-депутат Бактыбек Калмаматов жыйынтыктайт — ал 2021-жылы президенттик шайлоого катышып, Садыр Жапаровду Конституцияны өзгөрткүсү келгени үчүн сынга алып, баш мыйзамдын сунушталган долбоорун «абсолюттук хандык башкарууга алып келет» деп билдирген. Ал «Биз Барбыз» фондун негиздеген, 2010-2015-жылдары парламент депутаты болгон.