Калмаматов: Жапаров Жээнбековдун абсолюттук хан эрежесин китепке эреже кылып алайын дейт

Президенттикке талапкерлигин койгон мурдагы депутат Бактыбек Калмаматов «Марал» радиосуна маек куруп, Садыр Жапаров бийликти узурпация кылганга аракет кылып жатканын билдирди.

«Мен Жээнбековдун башкарган абсолюттук хан эрежесин китепке эреже кылып алайын дейт. Бизде Конституцияда көрсөтүлгөн эрежеден тыш жашаш үчүн президенттер ар кандай жолдор менен бийликти узурпация кылып келди. Кагазда карасаң парламенттик, турмушта - президенттик. Акаевдин маалында, Бакиевдин маалында, Атамбаевдин маалында, Жээнбековдун маалында президенттик болду. Биздин эл парламенттик система жаман экенин кайдан билди, андай системада жашап көрбөсө?» — дейт Калмаматов.

Буга чейин президенттикке талапкерлигин койгон башка саясатчылар да Садыр Жапаровду сынга алышкан. Мисалы, Канат Исаев.

Исаевдин пикиринде, Конституциянын жаңы долбоору демократиялык стандарттарга каршы келет.

«Эгер ачык айтсак — автору Садыр Жапаров. Мыйзам долбоору президенттик аппаратта даярдалган. Депутттары аны окуган да эмес, автору болуп эсептелбейт», — деп билдирген Исаев.

Ал эми Адахан Мадумаров кыргызстандыктарды Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумду колдобоого чакырган.

«Кыргыз калкын жарандык позициясын көрсөтүп, жаңы Конституцияга, КРнын ЖК депутаттары өңдөнгөндөрдүн легитимсиз жана өлкөдө бийликти узурпациялоого аракет кылып жаткан бир ууч топтун жана КРдин Негизги мыйзамын тебелеп-тепсегиси келгендердин аракеттирине каршы чыгууга чакырам. Антпесек мамлекетти жоготуп алышыбыз мүмкүн!» — деп айтылат «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын билдирүүсүндө.

Президенттик шайлоого аттанган дагы бир талапкер Садык Шер-Нияз дагы Конституциянын жаңы долбоорун бир адамдын бийликти узурпациялоо жана диктатура орнотуу аракети деп атаган.

«Эгер Конституциянын бул варианты кабыл алына турган болсо, өлкө эч кылчайбай тоталитаризмге карай жол алат. Конституциянын жаңы долбоору — бул эки президенттик мөөнөт, Жогорку Кеңешке үстөмдүк кылат делген“элдик курултай”, бийликти кайталаган атайын түзүлгөн механизмдер, андан тышкары, бийликтин мыйзам чыгаруу бутагын колго алуу аракети. Мунун бардыгы — падышалык жеке башкарууга карай жол», — деп эсептейт саясатчы.

Анткен менен долбоорду колдогон да тарап бар — алар, «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик» жана «Кыргызстан» партияларынан депутаттыкка талапкер болуп шайлоого барган депутаттар. Мындан тышкары, ырчы Бек Борбиев сунушталып жаткан Конституциянын текстин окубай эле аны колдоорун айткан. Ал эми депутат Бакыт Төрөбаев эгер депутаттардын ыйгарымы көбөйтүлсө долбоорду колдоп берерин билдирген.

Муфтийдин орун басары Кадыр Маликов долбоорго «Жаратуучу» тууралуу эскерүү кошууну сунуштаган. Ал эми Садыр Жапаровдун мурдагы адвокаты Акин Токталиев Конституциянын текстинен таптакыр эле мамлекеттин светтиги жөнүндө эскерүүнү алып салууну сунуштаган.