Акыркы суткада коронавирустан үч бейтап каза болуп, 43 жаңы учур катталды

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, өлкөдө 24-ноябрга карата коронавирустан үч бейтап каза болуп, 43 жаңы учуру катталды. Илдеттен 94 адам айыгып чыкты.

Оору жуктургандар аймактар боюнча:

  • Бишкек шаары — 14;
  • Чүй облусу —11;
  • Ысык-Көл облусу — 8;
  • Жалал-Абад облусу — 3;
  • Ош облусу — 3;
  • Ош шаары —2;
  • Баткен облусу —1;
  • Нарын облусу —1.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 182 996га жетти. Ал эми 177 693 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2732 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 454 бейтап, ал эми үй шартында 582 адам дарыланып жатат.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 24-ноябрга карата COVID-19га каршы вакцинаны биринчи дозасын 4928 адам, ал эми экинчи 6086 дозасын киши алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.