Ноокен: Бактыбек Сыдыковдун үстүнөн БШКга добуш сатып алуу боюнча арыз түштү

Бактыбек Сыдыков

Боршайкомго 23-ноябрда бир мандаттуу №16 Ноокен шайлоо округунан парламент депутаттыгына талапкер Бактыбек Сыдыковдун үстүнөн «добуш сатып алуу» боюнча арыз түштү. Ноокен райондук ички иштер башкармалыгы сотко чейинки өндүрүш баштады.

Арызды ошол эле округдан талапкер Акылбек Арстанбеков жана Ноокен районунун бир нече тургуну жазган. Алар Сыдыков Ноокен районунун Курама айылындагы футбол аянтчасына «6,5 миң долларлык жасалма газон төшөп берген» деп билдиришкен.

Мындан сырткары, тургундар Сыдыков Ак-Бата айылындагы шайлоочулар менен жолугушууда өз эсебинен трансформатор жана электр зымдарды орнотуп берүүнү убадалаганын маалымдашкан.

Ал эми соцтармактарда тараган видеолордун биринде милиция кызматкерлери Ноокен районунун тургунунун үйүндө футбол аянтчасына төшөлчү газон рулондорун табышкан.

Дагы бир видеодо Сыдыков болушу ыктымал киши шайлоочулардын алдында сөз сүйлөп жатып, социалдык муктаждыктарды өз каражатынан камсыздап берүүнү убадалаган.

«Кайсы жерде свет болбосо, кайсы жерге мамыча, трансформатор, зым керек болсо — мына мен өзүмдүн каражатымдан кылып беремин. Кудай буюрса эки жылдын ичинде Ноокен району боюнча 1950-жылдары орнолгон мамычалар болбойт. Свет жетпеген үй-бүлө болбойт», — деген видеодогу киши.

Ошондой эле Сыдыковго таандык делген аудиожазууда талапкер «Ноокен районуна миңден ашуун мамыча жана 87 трансформатор коюп бергенин» угууга болот.

Ноокен РИИБи «Шайлоочуларды сатып алуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш баштады.

Ал эми талапкер Сыдыков Vesti.kg басылмасына курган маегинде шайлоодогу атаандашы Арстанбеков «жалган маалымат таратып, каралап жатат» деп билдирди.

«Арызданган талапкер Акылбек Арстанбеков утулушун сезип, жалаа жапкан арыздарды жазып жатат. Ал Бүргөндү айыл өкмөтүн жетектеген бир тууган иниси менен иш алып барат. Мен газон сатып берген эмесмин, менин рейтингим ансыз деле жогору», — деди Сыдыков.

Бактыбек Сыдыков

Бактыбек Сыдыков мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыковдун уулу. Ал Жогорку Кеңештин «Республика — Ата-журт» фракциясынан шайланып келген. Ал 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоого Матраимовдор кланына таандык делген «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен катышкан. Тизмеде №22 орунда болгон.

Ал Москвадагы мамлекеттик технологиялык университетинде «инженер-механик» кесибин аяктап, эмгек жолун 1994-жылы кыргыз-казак биргелешкен TriO-B ишканасында башкы директор болуп баштаган.

Ал эми мамлекеттик кызматка 2005-жылы финансы министринин кеңешчиси болуп келген. Ошол эле жылдан тартып 2007-жылга чейин «Манас» аэропортунда коммерциялык маселелер боюнча вице-президент болгон.

Ал эми 2007-жылдан 2010-жылга чейин «Манас» аэропортун жетектеп турган.

Ошондой эле ал 2000-2001-жылдары «Кыргыз-Дан-Азык», 2001-2005-жылдары «Кыргыз-Дан» компанияларын жетектеп, 2011-жылдан 2015-жылга чейин «АККА компаниялар тобунда» директорлор кеңешинин төрагасы болгон.

Өлкөдө бийлик алмашып, Садыр Жапаров келгенден кийин ал «Манас» аэропортунун жетекчиси болуп дайындалган. Ошол эле күнү Сыдыковдун дайындалышына каршы болгон аэропорттун кызматкерлери нааразычылык акциясына чыгышкан. Чогулгандар «Сыдыков кетсин, жаштар келсин» деген ураандарды айтышкан.

Сыдыков үстүбүздөгү жылдын февраль айында кызматынан алынган.