Мияров: Жапаровдун «таза шайлоо өткөрөбүз» дегенин жан жөкөрлөрү уккан эмес болушу керек

Мирбек Мияров

24-ноябрда Коомдук биринчи каналда өткөн дебатта «Ордо» партиясынын лидери Мирбек Мияров президент Садыр Жапаровдун айланасындагы адамдар өлкө башчынын «таза шайлоо өткөрүү боюнча демилгесин колдобой жатканын» билдирди. Андан тышкары, шайлоого катышып жаткан партиялардын арасында «бийликчилдери» бар экенин кошумчалады.

«Бүгүнкү күндө президент “таза шайлоо өткөрөбүз” деп айтып жатат. Бирок президенттин айткан сөзүн жанында жан жөкөрлөрү уккан жок болушу керек. [...] Кайра эле баягы кайталанууда. Бүгүнкү күнү алты партия бийликчил партия болуп жатат», — деди ал.

Ошондой эле «Ордонун» лидери 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо дагы үч партия «акча жана коррупциянын күчү менен Жогорку Кеңештеги 120 мандатты бөлүштүргөн» деп эскертти.

Мияров ошол кезде бийликчил «Биримдик», таасирлүү Матраимовдордун кланына таандык «Мекеним Кыргызстан» жана бийликти колдогон «Кыргызстан» партиясы тууралуу сөз кылып жатышы ыктымал. Анткени 2020-жылдын октябрь окуяларында нааразычылык акцияга чыккандар аталган үч партияны административдик ресурсту колдонууга жана добуштарды сатып алууга айыпташкан.

2020-жылдагы шайлоонун алдын ала жыйынтыгы менен «Биримдик» — 24,5%, «Мекеним Кыргызстан» — 23,68% жана «Кыргызстан» — 8,71% добуш алган. Бул 120 мандаттын 107си аталган үч партияга тие турганын билдирет.

Буга нааразы болгон партиялар мөөнөтсүз митингге чыгып, бир нече күнгө созулган саясий кризис бийликтин күч менен алмашуусун шарттаган. Натыйжада башаламандык учурунда колониядан бошоп чыккан Садыр Жапаров бийликке келген.

Жапаров жана Ташиевге таандык делген партиялар

Коопсуздук кеңештин катчысы Марат Иманкулов буга чейин «Азаттыкка» маек куруп, президент Садыр Жапаровго «ыктаган партиялар жана талапкерлер болбойт» деп ишендирген.

Анткен менен журналисттер жана саясатчылар президент жана анын жакын досу, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге тиешеси бар делген бир нече партияларды аныктаган.

Мисалы, 23-ноябрдагы дебаттарда «Азаттык» партиясынын талапкери Бактыбек Калмаматов «“Ата-Журт Кыргызстан” Ташиевдин партиясы экенин бүтүн Кыргызстан билет» деп билдирген. Анткени партиянын лидери Айбек Маткеримов жана көптөгөн талапкерлери мурда Ташиев жана Жапаров негиздеген «Мекенчил» партиясынын катарында болушкан.

Анткен менен Маткеримов партия Ташиевге тиешеси бар болгонун төгүндөгөн.

Дагы окуңуз: «Ата-Журт Кыргызстан» Ташиевдин жана бийликтин партиясы деген маалымат тарады

Ал эми Factcheck.kg басылмасы «Эл үмүтү» партиясынын президент Жапаров менен байланышын изилдеп чыккан. Анда партиянын катарында Жапаровдун ишенимдүү адамдары, активисттер жана «Мекенчилдин» мүчөлөрү бар болгону айтылган.

Ошондой эле Сузактын акими Баратбек Сыдыкназаров «Ишенимдин» талапкери Шерзодбек Умарбеков аны «президенттин атын жамынып» телефон аркылуу коркутканын билдирген. Сыдыкназаровдун айтымында, Умарбеков сүйлөшүүдө «президенттин көзөмөлүндөгү балдарбыз» деп айткан.

Мындан сырткары, «Ишеним» партиясынын катарында мурдагы мамлекеттик кызматкерлер, Констутуциялык кеңешменин мүчөлөрү жана экс-вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев бар. Ал эми партиянын негиздөөчүлөрүнүн катарында Жапаровдун тарапташы, учурдагы Экономика жана финансы минитстринин орун басары Жарасул Абдураимов бар.

Дагы бир партия — «Ынтымак». Анын катарында Жогорку Кеңештин мурдагы спикери жана Садыр Жапаровдун тарапташы Талант Мамытов, мурдагы инвестиция министри Алмамбет Шыкмаматов жана өлкө башчынын жардамчысы Адинай Марипова катышууда.