Вице-спикер, экс-аким жана депутаттар. «Ишеним» партиясынын биринчи бештиги

«АКИпресс» басылмасы 12-октябрда 28-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоого катышууну пландаган «Ишеним» партиясы депутаттыкка талапкерлеринин алдыңкы бештигин жарыялаганын билдирди.

Басылманын маалыматына караганда, алдыңкы бештик төмөнкү адамдардан куралган:

Азамат Дороев — Бишкектин Октябрь районунун мурдагы акими. Бул кызматтан ал 2020-жылы ноябрда кеткен. Дороевдин эмгек жолу 2012-жылы башталган, андан бери ал Бишкектин шаардык түзүмдөрүндө ар кандай кызматтарда эмгектенген.

«Ишенимдин» экинчи талапкери Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рысбай Аматов. Ал шаардык кеңештин учурдагы депутаты жана «Ишеним» фракциясынын лидери.

Аматов Бишкек шаардык кеңешинин өткөн чакырылышында «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын башчысынын орун басары дагы болгон. Аматов шаардык кеңештин үч жолку депутаты.

Партиянын алдыңкы бештигинде Конституциялык кеңешменин мурдагы мүчөсү Медер Алиев дагы бар. Ал убакта Алиев өзүн көзкарандысыз юристмин деп атап жүргөн, 2012-жылы парламенттик башкаруу системасын колдоп, «Парламенттик система партиялык диктатордук кылуу эмес» аттуу макаласын жазган. Мурда «Демократ» партиясынын курамында болгон.

Конституциялык кеңештин өзү юристтер жана жарандык активисттер тарабынан бир нече жолу сынга алынган. Бул кеңешме жыйынга чогулуп, Конституция жазууга мыйзамдуу күчү жок деген сын көп ирет айтылган.

«Ишенимдин» катарындагы дагы бир талапкер Жанна Ильина. 2020-жылы май айында өкмөттүк аппараттын санарип трансформациялоо бөлүмүнүн эксперти катары ЖМКда аты аталган. Ошондой эле 2018-жылы Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана электрондук кызмат көрсөтүү саясатын түзүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси болуп дайындалганы белгилүү.

Биринчи бештиктин акыркы талапкери парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Нурбек Сыдыгалиев. 2015-2016-жылдары Сыдыгалиев ӨКМдин орун басары болуп иштеген. Ал эми Жогорку Кеңештин вице-спикерлигине үстүбүздөгү жылдын январь айында дайындалган.

Парламентке Сыдыгалиев Алмамбет Шыкмаматовдун ордуна келген. Ал убакта Шыкмаматов депутаттык мандатын тапшырып, «Ата Мекендин» катарынан чыккан болчу. Сыдыгалиев коомдук ишмер жана академик деп дагы аталып жүрөт. Мындан тышкары, ал чуулгандуу Конституциялык кеңешменин курамында дагы болгон.

«Ишеним» эң алгач 2021-жылдын июль айында Бишкек шаардык кеңешин шайлоого катышкан. Партиянын негиздөөчүлөрүнүн арасында Садыр Жапаровдун жакын тарапташтары бар.

Мисалга, партиянын түзүүчүлөрүнүн бири Алмасбек Орозбаев 2020-жылдын декабрында Садыр Жапаровдун президенттик шайлоодогу ишенимдүү адамы болгон.