УКМК 6-класстын окуучусу террордук акты жасоо жөнүндө видео таратканын аныктады

УКМК үстүбүздөгү жылдын 23-ноябрында соцтармактарга мониторинг жүргүзгөн. Анда Бишкектин айрым орто мектептеринде террордук актыларды жасоо коркунучу бар бир нече видеону жайгаштырган «Тик-Ток» колдонуучусун тапты.

Ал аккаунттун ээси борбор калаадагы мектептердин биринде билим алган Т.А.Ч аттуу 6-класстын окуучусу болуп чыкты.

Бул факты «Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү таратуу» беренеси менен катталып, окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо чаралары жүргүзүлүүдө.

«Мындай билдирүүлөр укук коргоо органдарынын көңүлүн терроризм актыларын жасоо коркунучу бар реалдуу учурлардан алагды кылышы мүмкүн. Жазык кодекси мындай “тамашаларды” кылмыш катары квалификациялайт», — деп жазылат билдирүүдө.

УКМКнын басма сөз кызматы жалган маалымат таратып жаткан адамдарга кайрылуу жасап, террордук акт жасоо коркунучу кылмыш болуп саналарын кошумчалады.

«Атайын жалган маалымат таратуу коомго коркунуч жаратып, калкты дүрбөлөңгө салат. Өлкөнүн тургундары менен конокторуна ыңгайсыздык жаратып, олуттуу күч-аракетти, акчаны жана убакытты котот», — деп жазылат билдирүүдө.

Буга чейин, 29-октябрда Свердлов райондук соту августтун башында борбор калаадагы ЦУМга бомба коюлду деп кабарлаган аялга 220 миң сом айып салган. Сот 27 жаштагы аялды «Терроризм актысы тууралуу жалган билдирүү таратуу» беренеси боюнча күнөлүү деп таапкан.

Тема боюнча дагы окуңуз:

ЦУМга бомба коюлду деп жалган маалымат тараткан аялга 220 миң сом айып салынды