Бишкек: Эки киши добуш сатып алууга шектелип кармалды, алардын жанынан 76 миң сом табылды

Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы эки кишини добуш сатып алууга шектеп кармады. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы 27-ноябрда маалымдады.

26-ноябрда милицияга аял кайрылып, үгүт маалында добуш сатып алууга аракет жасаган кишиге карата чара көрүүнү өтүнгөн. Арызда ал партияга жана бир мандаттуу округдан талапкерге добуш сатып алуу үчүн «Н» аттуу жаран үч миң сомдон сунуштаганын билдирген. Акчанын эки миң сому шайлоого чейин, калганы добуш берүүдөн кийин берилери айтылган.

Ошондой эле арыз жазган аял милицияга өз ыктыяры менен 48 миң сомду өткөрүп берген. Андан кийин тергөө жүрүп Бишкектин «Ч.А.» аттуу 25 жаштагы тургуну кармалган.

«“Ч.Анын” унаасында акча каражаттары, 6 банктык карта, айдоочунун күбөлүгү, унаанын 4 техникалык паспорту, бланктардын 33 формасы, башка 10 бланк, тизме түзүүчү 30 бош бланка, партиялардын биринин 2 миң брошюрасы жана 800 гезити, папка жана үч уюлдук телефон табылып алынган», — деп билдиришти Бишкек ШИИББден.

Мындан сырткары, күч органдары «Н.Б.» аттуу кишини да аныктап, анын жанынан банктык карта, уюлдук телефон жана акча каражаттарын табышкан. Милиция шектүүлөрдөн жалпысынан 76 700 сом табылганын маалымдады.

Буга чейин, 16-ноябрда, УКМК Бишкектеги №26 Ленин шайлоо округунан талапкер Камчыбек Жолдошбаевдин кудасы Мухтарбек Сыдыковду добуш сатып алууга шектеп кармаган. Күч органдары анын жанынан «добуштарды сатып алуу үчүн» 39 миң сом жана шайлоочулардын тизмесин тапкан. Ошондой эле, сурак маалында талапкердин үгүтчүлөрү Сыдыковго каршы көрсөтмө беришкен.

Көп өтпөй Боршайком Жолдошбаевдин каттоосун жокко чыгарып, аны шайлоодон четтеткен.