БШК Камчыбек Жолдошбаевди «добуш сатып алуу үчүн» шайлоодон четтетти

Камчыбек Жолдошбаев

Жогорку Кеңештин депутаты, №26 Ленин шайлоо округунан талапкер Камчыбек Жолдошбаевдин каттоосу жокко чыгарылып, ал парламенттик шайлоодон четтетилди. Мындай чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы 18-ноябрдагы отурумунда кабыл алды.

Жыйында УКМКнын Бишкек шаарындагы тергөө башкармалыгынын жетекчиси Алайбек Нургазиев талапкер шайлоочулардын добуштарын кудасы Мухтарбек Сыдыков аркылуу сатып алганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 3-ноябрда УКМКга Ленин районунда добуштарды сатып алуу тууралуу маалымат түшкөн. Атайын кызмат ошол убакыттан тарта Жолдошбаевдин үгүтчүлөрүнүн артынан байкоо, аудио жана видеожазуу жүргүзө баштаган.

Ал эми 16-ноябрда УКМКнын кызматкерлери Жолдошбаевдин үгүтчүлөрүн тинтип, шайлоочулардын тизмеси, муниципалдык аймактык башкармалыктар тууралуу маалыматтар жана акча каражаттарын табышкан. Анын эртеси күнү, 17-ноябрда, Сыдыков колго түшкөн. Күч органдары анын жанынан «добуштарды сатып алуу үчүн» 39 миң сом жана шайлоочулардын тизмесин тапкан.

«Сыдыков [...] [Жолдошбаев] Жогорку Кеңешке өтүү үчүн белгилүү добуштарды алышы керектигин билип туруп, өз демилгеси менен Ленин районунун айрым кварталдык жана үй комитет башчыларды (домкомдорду — редакция) сыйакы үчүн шайлоочулардын добуштарын сатып алууга чакырган», — деди Нургазиев.

Мындан сырткары, Мухтарбек Сыдыковго каршы Жолдошбаевдин үгүтчүлөрү көрсөтмө беришкен.

Камчыбек Жолдошбаев «ден соолугуна байланыштуу» БШКнын отурумуна катыша алган жок. Депутаттын ордуна келген өкүл Урмат Орозкулов шектүү Сыдыков талапкер Жолдошбаевдин үгүтчүсү катары катталган эместигин билдирди.

Ошондой эле ал Сыдыков мындай аракеттерди «өз демилгеси менен жасашы мүмкүн» деп божомолдоду. Мындан сырткары, Орозкулов бул окуя боюнча иш сотко өтө электигин белгиледи.

«Уялчаак» депутат

Жолдошбаев алгачкы жолу Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышында депутат болгон. 2015-жылы шайлоого «Өнүгүү-Прогресс» партиясы менен катышып кайрадан депутат болуп шайланган.

Депутат Жолдошбаев жумушка маршруткадан түшүп, жөө басып келген кесиптештеринен уяла турганын айтып сынга кабылган.

Мындан сырткары Жолдошбаев чуулуу иштери менен белгилүү: 2011-жылы ага бир нече соодагердин арызынын негизинде «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

2014-жылы болсо журналист Семетей Талас уулу депутат ага кол салганын билдирген. Ал эми 2016-жылы Жолдошбаев өзүнүн фракциясынын жыйынында көп аялдуулукту мыйзамдаштырууну сунуштаган.

Камчыбек Жолдошбаев бай депутаттардын катарын толуктайт. Депутаттын кымбат баалуу мүлктөрү, компаниялары жана батирлери бар.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Жол тандабастар, батирлер жана бизнес». Уялчаак депутат эмнелерге ээлик кылат?

Видео: Депутат Камчыбек Жолдошбаевдин декларацияга киргизилбеген үйү табылды