Ош ОИИБи «Азаттык» партиясы шайлоочуларга күйүүчү май куюп бергенин тастыктады

Сүрөт: Ош ОИИБи

Ош ОИИБи «Азаттык» партиясынын Алай районундагы штабы шайлоочуларга күйүүчү майга талон таратканын тастыктады. Аталган факты боюнча «Добуш сатып алуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачылды.

Тергөө учурунда «Азаттыктын» ишенимдүү кишиси 3-ноябрь күнү Гүлчө айылындагы «Россия Нефть» май куюучу жайдын улук операторуна «маданият үйүнө үгүт-жолугушууга келген кишилерге күйүүчү май куюп бересин» деп 50 миң сом таштап кеткени аныкталган. Талондор шайлоочуларга алдын-ала таратылган.

Милициядан билдиришкендей, 4-ноябрда саат 17:40 чамасында «Азаттыктын» өкүлү май куюучу жайга келип, айдоочулар таштап кеткен талондорду чогултуп, оператор менен бирме-бир эсептешкен. Партиянын өкүлү жалпысынан 80 миң сом төлөгөнү белгилүү болгон.

Натыйжада талон менен май куйган 48 унаа аныкталып, айдоочуларды тергөөгө алып келүүгө тапшырма берилген. Ошондой эле бардык далилдер, видеотасма жана иш-чара өткөн күндөгү тиешелүү кагаздар алынган. Мындан сырткары штабдагы компьютерден талонду жасоодогу файлдар табылган.

Мындан улам 7-ноябрда талондорду жасап тараткан партиянын ишенимдүү өкүлүнө иш боюнча шектүү экени кабарланган. Бирок анын жактоочусу «аталган киши ден соолугу начарлап, Ош шаардык ооруканасынын жүрөк оорулар реанимация бөлүмүнө жатканы боюнча» тастыктама алып келген. Учурда сотко чейинки өндүрүш уланып жатат.

Сүрөт: Ош ОИИБи

Буга чейин БШКнын ыкчам чара көрүүчү тобуна «Азаттык» партиясы Алай районунун Гүлчө айыл аймагында шайлоочулар менен жолугушуу өткөргөндөн кийин аларга «чай уюштурулганы» тууралуу маалымат түшкөн. Ошондой эле, арыз берүүчү партия тургундарга «Россия Нефть» май куюучу жайында акысыз бензин алуу үчүн талон таратканын айтып, видео тиркеген.

Ал эми «Россия Нефть» компаниясынын өкүлү Элмурат Назарбеков «Клоопко» курган маегинде жогорудагы маалыматты четке каккан. Ал Гүлчөдөгү заправкада унаалардын кезеги «аймактагы күйүүчү майдын тартыштыгынан улам пайда болушу мүмкүн» деп божомолдоп, маалымат такталарын айткан.

«Россия Нефть» компаниясын ишкер Алишер Козуев негиздеген. Ал парламенттик шайлоого «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен катышып жатат.

Козуев 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого Матраимовдорго караштуу делген «Мекеним Кыргызстандын» катарында катышкан. Ал «Клоопко» курган маегинде экс-бажычы жана коррупция боюнча соттолгон Райымбек Матраимов менен мамилеси бар экенин тастыктаган.

Үгүт иштерине студенттерди аралаштырган «Азаттык» партиясы

3-ноябрда Ош шаарынын борбордук аянтында «Азаттык» партиясы үгүт иш-чарасын өткөрүп, ага 100дөн ашуун киши катышкан. Ошол эле күнү соцтармактарда иш-чарага «Ош мамлекеттик университетинин Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин студенттери катышып жатат» деген маалымат тараган.

Ал эми жерине барган журналист Ыдырыс Исаков жолугушууга келгендерден алар кайсы университеттин студенттери болушканын сураган. Алардын айрымдары ОшМУнун, кээ бирлери ОшТУнун студенттери болушканын тастыкташкан. Ошондой эле студенттер аларды борбордук аянтка мугалимдер жана декан алып келишкенин билдиришкен.

Ошол эле күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгы «Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштап, 10дон ашуун студент жана мугалимдерден сурак алган. Ал эми ОшМУ эки окутуучусуна сөгүш жарыялап, Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин деканына эскертүү берген.

«Азаттыктын» талапкери, экс-депутат Жылдызкан Жолдошова Ош шаарындагы үгүт иш-чарасында стмыйзам бузуу болгон эмес деп эсептеген.

Ошондой эле, Жолдошова үгүт иш-чарасына студенттерди мугалимдер алып келгенин аныктаган иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаковду «бирөөнүн буйругун аткарды», «туура эмес маалыматты» деп билдирген.

Ош ШИИБи тергөөнүн жүрүшүндө иш-чарага келген студенттердин бардыгы жашы жете элек болгонун аныктады. Иш үч күндө тергелип бүтүп, Ош шаардык сотуна өткөрүлүп берилди.

ТЕМА БОЮНЧА:

ИИМ «Азаттык» партиясы күйүүчү майга «талон таркатты» деген маалыматты текшерет

Ош ШИИБ: «Азаттыктын» үгүт иш-чарасына жашы жете элек студенттер катышканы аныкталды