«Көзүңүз көгөргөндө эмне болгонун эми билдим». Зере «Жеңеке» ырына клип тартты

Ырчы Зере аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниянын алкагында «Жеңеке» ырына клип тартып жарыялады.

Видеоклип БУУ менен Европа Биримдигинин «Теңдик нуру» биргелешкен демилгесинин колдоосу менен даярдалды.

Клиптин баяндоосунда 2021-жылдын биринчи жарымында эле укук коргоо органдары үй-бүлөлүк зомбулуктун 2069 учурун каттаганы айтылган.

«Мындай учурлардын көпчүлүгү жаап-жашырылат, ошондуктан чыныгы статистика мындан бир топ эле көп», — деп жазылган клиптин алдында.

«Жеңеке» ырында Зере келиндерге карата зомбулук жөнүндө ырдайт. Ырда жеңеси денесиндеги көк аланы жашырып, «тепкичтен кулап кеттим» деп айтканы айтылат.

«Мен билем

Көзүңүз көгөргөндө эмне болгонун дароо эле

Колуңуз кайрылганда

Ичиңиз ооруганда

Тепкичтен чалынып жыгылганда

Жеңекем менин

Мен билдим эми

Жылмайып жүргөнүң — корккон экенсиң

[…]

Качып кет

Кетип кал

Куткарайын сени, жеңе», — деп ырдайт ырчы.

2021-жылдын августунда Зеренин алгачкы, толук кандуу ЕКЕК (Erkin Kyrgyzstandyn Erkin Kyzy) — Эркин Кыргызстандын эркин кызы аттуу альбому жарык көргөн. Ырчы кыздын альбомунда кыргыз аялдарына карата зомбулук тууралуу жана аялдарды биргелешип колдоого чакырыктар бар.

Зере аялдардын укуктарына арналган алгачкы клиби менен белгилүү болгон — клип 2018-жылы чыккан. Анда ырчы башка адамдардын (өзгөчө аялдардын) жашоосуна кийлигишпөөгө үндөп, «Неге болом сен айткандай, же көпчүлүк каалагандай?» деп суроо салган.

Ыр коомдо резонанс жаратып, клип үчүн ырчы кыз коркутууларга кабылган. Ал эми Зеренеин чыгармачылыгы жөнүндө чет өлкөлүк ЖМКлар жазып чыгышкан.

2019-жылы ырчы кыз «Сүйүнчү» ырына клип тарткан — видеодон кыргыз саясатына, улуттук патриоттордун кыймылына жана активисттерге карата басымдарга шилтемелерди көрүүгө болот.

«Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк» глобалдык компаниясы 1991-жылы уюшулган. Дүйнөнүн 187 мамлекетинде өткөрүлөт.

Ар жылы 25-ноябрда, Аялдарга каршы зомбулукту жоюунун эл аралык күнүндө башталып, Адам укуктарынын эл аралык күнүндө, 10-декабрда жыйынтыкталат.