Адахан Мадумаров шайлоо тууралуу: Азыр олтуруп алып «химия» жасашат

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров парламенттик шайлоонун жыйынтыгын эки тараптуу кабыл алганын билдирди. Анын айтымында, бул жолу эл шайлоого келбей кайдыгерлигин көрсөттү жана «аты-жыты» жок партиялар алдыга озуп чыкты.

«Кечээ пайда болуп, аты—жыты жок, үгүт иштерин жүргүзбөгөн партиялар “Бүтүн Кыргызстандан” көтөрүлүп кеткенине түк акылым жетпей жатат. Кээ бир жерден сурасаң партиянын лидерин, программасын, жада калса курамында кимдер бар экенин билишпейт. Билбеген партияга ким добуш берет?» — деди Мадумаров.

Аны менен катар бүтүнчүлөрдүн лидери алдыга чыккан партиялар арасында мандат бөлүштүрүүдө фальсификация жасалышы мүмкүн дейт.

«Добуш берүү жыйынтыкталган учурда өлкө боюнча шайлоого 1 миллион 200 миңге жетпеген шайлоочу катышканы кабарланган. Эгер 4 партия миллион добушту алып ала турган болсо, калган 3 партияга 200 миң шайлоочунун добушун кантип бөлүшөт? Азыр отуруп алышып “химия” жасашат», — дейт ал.

Андан тышкары Мадумаров бул жолу шайлоодо саясий күрөш президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана «Бүтүн Кыргызстандын» ортосунда жүрдү деп эсептейт.

«Атаандаштык болуш үчүн партиялардын арасында кадимкидей күрөш жүрүш керек», — деп билдирди саясатчы.

Бүгүн, 28-ноябрда, Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү. Ушул тапта автоматташтырылган эсептөөчү урналардын алдын ала жыйынтыгы чыкты. Ага ылайык «Ата-Журт Кыргызстан», «Ишеним», «Ынтымак», «Альянс», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Ыйман Нуру» парламентке өттү.

«Бүтүн Кыргызстан» шайлоочулардын 79 402 добушуна ээ болду — бул шайлоочулардын 6,5%ын түзөт.

Тема боюнча: Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы. «Ата-Журт Кыргызстан», «Ишеним», «Ынтымак» алдыда