Адахан Мадумаров: УКМК бир эле учурда өкмөттүн, президенттин басма сөз кызматына айланды

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров УКМК бир «эле учурда өкмөттүн, президенттин басма сөз кызматына айланып», айрым учурда Боршайкомдун кээ бир ыйгарым укуктарын өзүнө ыйгарып алып жатканын айтты. Мадумаров мындай пикирин парламенттик шайлоодо добуш берип чыккандан кийин билдирди.

Журналисттер саясатчыга бул жолу админресурс колдонуунун, добуш сатып алуунун деңгээли мурдагы шайлоолорго салыштырганда кандай болду деген суроо узаткан. Мадумаров болсо быйылкы шайлоодо президент дагы «ашкере аралашканын» белгиледи.

«Шайлоо дайыма эле атаандаштыкта өтөт. Бирок атаандаштык кандай болот, канчалык баскычта, деңгээлде, канчалык маданияттуу болот ал башка маселе. [...] Админресурс болуп келди, болуп жатат. Башта мамлекет жетекчиси түздөн-түз катышпай, башкача бир ыкмалар менен болгон болсо, мунусунда ашкере эле катышып алды», — деди ал.

Ал эми шайлоодогу жетишкендик катары, элдин аң-сезими, саясий маданияты жогорулаганын белгиледи. Анын айтымында, айрым айылдарда добуш сатып алууну каалагандарды «кууп чыгабыз» дегендер болду.

«Менде кабар бар, айылдарда аксакалдар, жаштар топтолуп, биздин айылга ким акча сунуштаса, той-аш сунуштаса баарын кууп чыгабыз деген деңгээлге жетиптир. Сонун көрүнүш. Мындай элдин келечеги бар», — деп билдирди Мадумаров.

Ал эми УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 10-ноябрда УКМКнын Кара-Көл шаардык бөлүмүнүн жаңы салынган имаратынын ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө айрым талапкерлер программасын айтуунун ордуна «атаандаштарын каралап жатканын» билдирген.

«Сагызгандай шакылдаган талапкерлер тилинин азабын тартат. Тилин тыйып, элге туура маалымат берип, программасын түшүндүрүп, добуш алып келсин. Биз мамлекет тарабынан шарт түзүп берип жатабыз [...] Алар дагы талапкерлердин этикасын сакташы керек. Бирок аны сактабастан кайдагы калп маалыматтарды таратып, мамлекет башчысына жана бизге окшогон мамлекеттик кызматкерлерге ар түрдүү сөздөрдү айтып жатышат», — деген Ташиев.

Тема боюнча: Мадумаровдун кадыр-баркы. «Бүтүн Кыргызстан» «Акипресстин» үстүнөн БШКга даттанды