УКМКнын Кара-Көл шаардык бөлүмү жаңы имаратка көчтү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы 11-ноябрда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык бөлүмү жаңы курулган имаратка көчүрүлгөнүн кабарлады.

УКМК бөлүмүнүн ачылышына комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев, андан тышкары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, атайын кызматтын ардагерлери жана өздүк курамы катышты.

«УКМКнын жаңы имаратында бөлүмдүн кызматкерлери үчүн зарыл болгон бардык шарттар бар, заманбап техникалык жабдуулар менен камсыздалган», — деп белгиленген мекеменин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Атайын кызматтын башчысынын УКМКнын Кара-Көл шаарындагы жаңы имаратынын ачылышына барганы тууралуу сюжет «Регион» телеканалына дагы жарыяланды. Анда кызматкерлер үчүн эс алуу бөлмөсү, атайын унаа токтотмо жайы бар экенин көрүүгө болот.

Анткен менен имараттын курулушуна канча каражат жумшалганы жана кайсыл акчага курулганы ачыкталган жок.

УКМКнын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу

УКМКнын башчылыгына Камчыбек Ташиев келгенден тартып комитеттин аймактардагы бөлүмчөлөрү жаңы имаратка көчүрүлүп жатат. Эң биринчи курулуш иштери Жалал-Абад облусунда башталган.

Үстүбүздөгү жылдын 2-июнунда Ташиев атайын кызматтын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жаңы имаратынын курулушуна капсула салган.

Аталган имарат Жалал-Абад шаарынын түндүк-батышында жайгашып, 1,4 гектарды ээлейт. Үч кабаттуу эки блоктон турат.

Мекеменин жаңы имараты демөөрчү берген «100 млн сомго» курулуп жатканы айтылган. Бирок атайын кызмат бул боюнча расмий маалымат берген эмес.

Ал эми 11-июлда Жалал-Абад шаарында УКМКнын кызматкерлери үчүн 205 батирден турган кызматтык үй курула баштады. Атайын кызматтын төрагасы Ташиев курулушка капсула салган. Турак жай 2022-жылдын аягына чейин толугу менен курулуп колдонууга берилиши күтүлүүдө.

УКМКнын төрагасы кызматтык үй мамлекеттик бюджеттин эсебинен эмес, шериктеш мамлекеттин жардамы менен курулуп жатканын билдирген. Бирок Ташиев өнөктөштөр так ким экенин ачык айткан эмес.

Көп өтпөй, 30-августта, УКМКнын Сузак райондук бөлүмү бардык шарттары бар жаңы имаратка көчүрүлгөн.

Андан кийин сентябрь айынын башында Ноокен районунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин дагы бир жаңы имараты пайдаланууга берилген.

Ал эми сентябрдын аягында атайын кызматтын Ош облусунун Алай районундагы бөлүмү да жаңы имаратка көчкөн.

Октябрдын башында болсо УКМКнын Ала-Бука районундагы бөлүмү жаңы имаратка ээ болгон.

Ноябрь айынын башында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында УКМК кызматкерлерине төрт батирлүү кызматтык үй тапшырылган. Турак жайдын курулушун «Мега Профит» ЖЧКсы жүргүзгөнү кабарланган.

Бардык имараттардын ачылуу аземине Камчыбек Ташиев өзү катышкан. Бирок курулуштун баасы жана каражаттын чоо-жайы тууралуу атайын кызмат азыркы күнгө чейин маалымат бере элек.