Аксыда шайлоо тилкеси жайгашкан имаратта коронавируска каршы эмдөө жүрдү

Аксы районундагы Үч-Коргон айыл аймагындагы №2347, №2320 участкаларында шайлоо күнү медиктер коронавируска каршы эмдөө жүргүздү. Эмдөөдөн өтүүнү каалабагандар добуш берүүгө кирбей, участканын оозуна топтолуп нааразы болушту.

Мындай көрүнүшкө нааразы болгон тургундар «Турмуш» басылмасынын аймактык кабарчысына видео тасмө жөнөтүшкөн. Анда видеого тартып жаткан адам менен медиктердин ортосундагы кайым айтышууну көрүүгө болот.

Жергиликтүү тургун эмдөө кампаниясы добуш берүүгө келген элди чочутуп жатканын айтса, дарыгерлер «эч кимди мажбурлабай, ар ким өз эрки менен» вакцина алып жатканын айтышкан.

«Бизди да кечээтен бери “чыккыла” деп атышат [...] Эч кандай кагазыбыз [уруксат документибиз] жок. Айыл өкмөтү “баргыла” деп айтты, биз аткаруучубуз. Башкы дарыгер Назирага [Курбанбаевага] айткыла», — деп алар тапшырманы жергиликтүү бийлик бергенин ырастаган.

Басылманын журналисттери видеодо аты аталган кызмат адамдары менен байланышып, окуянын чоо-жайын сураган.

Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы жана дарыгерлер шайлоо тилкесинин алдында добуш берүүгө келген жарандарды тосуп чыгууга моралдык укугу жок экенин, аларга чара көрүлөрүн айтты.

«Шайлоо өнөктүгү жүрүп жатканда шайлоочуларга эч кандай тоскоолдук болбошу керек болчу. Айыл өкмөт жана башка мамлекеттик кызматкерлердин ал жерде турууга моралдык укугу жок. Жөн гана коомдук коопсуздукту көзөмөлдөп турушу зарыл. Бул боюнча айыл өкмөт башчыга байланышып, ага эскертүү бердим. Ал эми шайлоо тилкесинин кире беришинде отурган медицина кызматкерлери да таратылды. Бул иштин болгону мени өкүндүрөт», — деди райондун акими.

Ал эми Үч-Коргон ооруканасынын башкы дарыгери Назира Курбанбаева эмдөө жүргүзүү боюнча өнөктүк жүрүп жатканын айтып, шайлоодо участогунда жаралган кырдаал боюнча териштирүү жүргүзүлөрүн кошумчалады.

«Бул боюнча менин кабарым бар болчу. Бирок мен эмдөө жасаган медициналык кызматкерлерге шайлоого катышып жаткан жашоочуларга тоскоолдук кылбай, добуш берген соң чыгып бара жаткан эшиктен каалоочуларга гана эмдөө болсун деп айткам. Видеодон көрүп, өзүм да таң калдым», — дейт ал.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча координатору Замира Орунбаева коронавируска каршы күрөшүү жана жайылуусун алдын алуу боюнча республикалык штабдан берилген тапшырма бар экенин билдирди. Бирок дарыгерлер шайлоо тилкесиндеги каалаган жерди айта алышпайт, коридордон орун береби же өзүнчө бөлмө ажыратып беришеби жооптуулардын чечими деп кошумчалады.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо өтүп жатат. Бул ирет шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Партиянын талапкерлери «ачык тизме» менен шайланат. Жаңы Конституция боюнча депутаттардын саны 90го чейин азайды.