Алдын ала жыйынтык боюнча Алай округунда Улан Примов алдыда

Парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча, №11 Алай шайлоо округунан депутат Улан Примов 21 499 добуш алды — бул жалпы шайлоочулардын 50%ын түзөт.

Ушул эле округдан аттанган Дайырбек Орунбеков 6 434 добушка ээ болду. Ал эми Замир Бөжөновго 4 542 адам добуш берди. Андан сырткары Алай округунан Бакытбек Саипов жана Улукмырза Тоотаев талапкерлигин койгон. 1 233 адам баарына каршы добуш берди.

Учурда АСУлардын дээрлик 98 пайызы саналып бүттү.

БШК сайтынан скриншот. 

Примов 2015-жылы Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына ошол кезде бийликчил болгон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси депутат болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болгон.

Журналисттер Примовдордун үй-бүлөсү кен казуу, жүк ташуу жана медиа бизнесте ондогон компанияларга ээлик кыларын аныкташкан.

Тема боюнча: Кен казуу, жүк ташуу, медиабизнес. Депутат Примовдун үй-бүлөсү 10дон ашуун компанияга ээлик кылат