Алдын ала жыйынтык боюнча Ош округунда Айбек Осмонов алдыда

Ош округу боюнча талапкерлигин койгон депутат Айбек Осмонов шайлоонун алдын ала жыйынтыгы менен добуштардын дээрлик 50%ын алды. Учурда автоматтык эсептөөчү урналардын 96,6%ы саналып бүттү.

Ушул эле округ боюнча Бекболот Арзибаев, Эмил Сайпидинов, Жамбылбек Камчиев, Бахтияржан Фаттахов, Дайыр Сагынбаев жана Нурбакыт Маматалиев талапкер болгон.

Айбек Осмонов парламентке үстүбүздөгү жылдын 15-мартында келген. Ал коомчулукта партиялардын негиздөөчүсү катары белгилүү.

Осмонов негиздеген «Мекеним Кыргызстан» өткөн жылдагы парламенттик шайлоонун астында Матраимовдордун үй-бүлөсүнө жана тарапташтарына өтүп кеткен.

Кийинчерээк Осмонов «Ыйман Нуру» партиясын негиздеген, бирок анын тизмесинен да чыгып, парламенттик шайлоого катышуудан баш тарткан.

Ошол кезде «Ыйман Нуру» партиясынын теңтөрагасы болгон Чыңгыз Макешов буга экс-бажычы Райымбек Матраимовдун Осмоновго карата жасаган басымы себеп болгонун айткан.

Андан соң Осмонов «Биздин Кыргызстан» партиясын негиздеп, партия 2021-жылы жергиликтүү кеңешке өткөн шайлоолорго катышкан.

Депутат өзү ишкерлик менен алектенет. Ал бир тууганы Нурбек Осмонов менен бирге «Каганат Инвест» холдингине ээлик кылат. Бул холдингдин ичинде «Ихлас» («Кыргыз Каганат») курулуш компаниясы, Оштогу электромобиль чыгаруучу «Кыргыз унаа курулуш» жана «Кыргыз Текстиль ЛТД» бар.