ИИМ: Үч айда шайлоого байланыштуу 400дөн ашык мыйзам бузуу катталды

Үстүбүздөгү жылдын 28-августунан 28-ноябрына чейин өлкөдө шайлоого байланышкан 408 мыйзам бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Бишкекте өтүп жаткан брифингде билдирди.

Урмамбетов катталган фактылардын 67си кылмыш, 76сы жорук экенин белгиледи. Ал эми 265 факты маалымат журналына катталып, 175си курамында кылмыш аныкталбагандыктан чыгышталып, 37си АШКларга жөнөтүлгөн.

Ички иштер министринин орун басары ар бир облуста катталган мыйзам бузууларга токтолду.

Бишкек шаарында 52, Ош шаарында 29, Чүй облусунда 69, Ысык-Көл облусунда 23, Нарын облусунда 47, Ош облусунда 91, Жалал-Абад облусунда 52, Талас облусунда 27, Баткен облусунда 18 факты катталды.

Урмамбетов 27-ноябрдагы жымжырттык күнү добуш сатып алуу, банерлерди туура эмес илүү өңдүү 43 факты катталганын кошумчалады.

Учурда күч органдарынын 12 миңге жакын кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Алар шайлоо күнү өлкөдөгү бардык участкалар менен көчөлөрдөгү коопсуздукту көзөмөлдөйт. Добуш берүү күнү жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн 1500дөй кызматкер тартылган.

Бүгүн, 28-ноябрда өлкө боюнча 2 435 шайлоо участкасында парламенттик шайлоо өтүп жатат. Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 депутаттан турат. Депутаттар 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Парламенттик шайлоо аралаш шайлоо системасы аркылуу өтөт. 54 депутат бирдиктүү шайлоо округунан, пропорционалдуу шайлоо системасы аркылуу шайланышса, ал эми 36 элдик депутат мажоритардык система аркылуу бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат.

Шайлоого 21 партиядан 1 002 адам, ал эми бир мандаттуу округдардан 282 киши талапкер болду.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Көчмө добуш берүүгө бирдиктүү шайлоо округунан 12 миңден ашык адам катышты

Шайлоо 2021. Бюллетендер кандай болот жана кантип добуш берүү керек?