Көчмө добуш берүүгө бирдиктүү шайлоо округунан 12 миңден ашык адам катышты

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодогу көчмө добуш берүүгө бирдиктүү шайлоо округунан 12 137 адам катышты. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 28-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан брифинг учурунда билдирди.

«Бирдиктүү шайлоо округу боюнча көчмө добуш берүүгө 13 481адамдан арыз келип түшкөн. Алардын ичинен 12 137 киши добуш берди, 1 344 шайлоочу көчмө добуш берүүгө катышкан жок», — деди ал.

Шайлдабекова бир мандатуу шайлоо округдан көчмө добуш берүүгө жалпы 13 002 арыз келип түшкөнүн билдирди. Анын 11 617сы добуш берсе, 1 393ү түрдүү себептер менен шайлоого катышкан жок.

Жергиликтүү кеңештерди шайлоодо көчмө добуш берүү. Сүрөт: Клооптун байкоочулары

Ал эми өлкө боюнча 2 435 шайлоо участкасында добуш берүү башталды. БШК төрайымы брифинг учурунда парламенттик шайлоодогу майыптыгы бар жарандар үчүн каралган шарттарга токтолду.

«Майыптыгы бар жарандарга шайлоого катышууну жеткиликтүү кылуу максатында, бардык участкаларга пандустар орнотулду. Ар бир участкада муктаждык картасы түзүлдү — аларга ар бир жарандын муктаждыгы катталып, жардам көрсөтүлөт», — деди Шайлдабекова.

Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 депутаттан турат. Депутаттар 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Парламенттик шайлоо аралаш шайлоо системасы аркылуу өтөт. 54 депутат бирдиктүү шайлоо округунан, пропорционалдуу шайлоо системасы аркылуу шайланышса, ал эми 36 элдик депутат мажоритардык система аркылуу бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат.

Шайлоого 21 партиядан 1 002 талапкер, ал эми бир мандаттуу округдардан 282 киши талапкер болду.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Шайлоо 2021. Бюллетендер кандай болот жана кантип добуш берүү керек?