Иманкулов: Бийликти күч менен басып алуу — оор кылмыш

Марат Иманкулов.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бийликти басып алуу иши боюнча оюн билдирди. Шайлоого үч күн калганда УКМК бийликти басып алууну уюштурууга шектелген 15 киши кармалганын маалымдаган. Кармалгандардын үчөө — «Кыргызстан Жашылдар» партиясынан депутаттыка талапкерлер.

«Айрымдарын тааныйт экенмин. Кээ бирлери мага келип, жолугушууну суранышкан. Алар кайсы бир нерселер жакпай жатканын, ал туура эмес деп кыйкырышкан. Мен аларга, президенттен суранайын, ошол маселелерди чечүү үчүн силерди жооптуу кызматтарга койсун, иштеп көргүлө деп сунуштагам. Бирок баш тартып коюшкан», — деди Коопсуздук кеңешинин катчысы.

Анын айтымында, кармалгандардын айрымдары мурда митингдерге катышып жүргөн.

«Мен аларга улуу катары “бирөөнүн колунда курал болбогула” деп кеңешимди айткан элем. Ооба, кемчиликтер бар. Өлкөдө көйгөйлөр арбын. Аларды чечиш керек. Бирок бул балдарды ушундай оор кылмыштарга колдонуп калыш керек дегенди билдирбейт. Бийликти күч менен басып алуу — өтө оор кылмыш бул», — деп кошумчалады Иманкулов.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 26-ноябрда парламенттик шайлоодон кийин бийликти басып алууга камынып жаткан топтун 15 мүчөсүн кармаганын билдирген.

УКМКнын маалыматы боюнча, бул адамдардын тобу парламент депутаттарынын жана экс-чиновниктердин жетекчилиги алдында иштеген.

Атайын кызмат кармалгандар массалык башаламандык уюштуруу үчүн миңге жакын киши чогултканын, шектүүлөрдү тинтүү учурунда «кылмышка даярыкты тастыктаган» курал-жарактар, баңгизаттар жана документтер табылганын бир нече жолу баса белгилеп кайталаган.

Кармалгандардын үчөө «Кыргызстан жашылдар» партиясынын талапкерлери Нурис Сүйөркулов, Руслан Акматбеков жана Бекназар Купешов. БШК бул талапкерлерди кылмыш жообуна тартууга макулдук берген.