Кочкор шайлоо округунан Мирлан Самыйкожо алдыга чыкты

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Кочкор шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Мирлан Самыйкожо добуштардын 22,96 пайызына ээ болду.

Самыйкожого 9343 адам добуш берген. Ал эми шайлоочулардын дээрлик 1,91 пайызы баарына каршы болгон.

Боршайкомдун алдын ала маалыматына ылайык, учурда автоматтык эсептөөчү урналардын 97,70 пайызы саналып бүттү.

Кочкор шайлоо округунда 104 084 шайлоочу бар, алардын ичинен 40 693 адам шайлоого катышкан.

Самыйкожо акын, журналист катары коомчулукка белгилүү. Ал КТРКда иштеп, октябрь окуяларында башкы директордун милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Бирок башаламандыктар учурундагы дайындоолор расмий деп эсептелинген эмес.

Акын акыркы учурларда бийликтин элге жакпаган аракеттерин сындап, коомчулуктагы үрөй учурган окуяларга ыр жазып реакция кылат. Анын ырлары элге сиңип, талкууларга жем таштап келет.