Ноокен шайлоо округунда Бактыбек Сыдыков эң көп добуш алды

Бактыбек Сыдыков

БШКнын алдын ала жыйынтыгы боюнча Ноокен шайлоо округунан Бактыбек Сыдыков дээрлик 21 миң добуш менен алдыга чыкты — бул жалпы шайлоочулардын 55%ын түзөт.

Автоматташтырылган эсептөөчү урналардагы бюллетендердин 100%ы саналып бүттү.

Сыдыков Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына «Республика — Ата-Журт» партиясы менен келген. Ал 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоого Матраимовдор кланына таандык делген «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен катышкан.

Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин ал «Манас» аэропортунун жетекчиси болуп дайындалган. Ошол эле күнү Сыдыковдун аэропорттун кызматкерлери анын жетекчи болушун каршы болуп нааразычылык акциясына чыгышкан. Чогулгандар «Сыдыков кетсин, жаштар келсин» деген ураандарды айтышкан.

Сыдыков үстүбүздөгү жылдын февраль айында кызматынан алынган.

Ал эми 23-ноябрда Ноокен РИИБси Сыдыковго карата «Шайлоочуларды сатып алуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү ачкан.