Октябрь округу боюнча эң көп добушту Дастан Бекешев алды

Дастан Бекешев

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылыштын депутаты Дастан Бекешев Бишкек шаарындагы Октябрь бир мандаттуу округу боюнча добуштардын дээрлик 48 пайызына ээ болду.

БШКнын маалыматына ылайык, Бекешевге 17 216 адам добуш берген.

Учурда АСУдагы бюллетендер эсептелип бүттү. Акыркы жыйынтык колсанактын негизинде берилет.

БШКнын сайтынын скриншоту

Октябрь шайлоо округу боюнча талапкерлигин койгондордун арасында мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев, дагы бирөө президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Руслан Кыдырмышев болгон.

Дастан Бекешев парламенттин эки чакырылышынын депутаты болгон — ал 2010-жылы Жогорку Кеңешке «Ар-Намыс» партиясы менен келген, ал эми 2015-жылы КСДП менен шайлоого катышкан.

Ал отурумдарда курч суроолорду берген оппозициялык эл өкүлү катары белгилүү.

Автору: Нурайым Шамырканова

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК & Бекешев. Депутаттыка талапкер аны шайлоодон четтетүүнү көздөп жатышканын айтты

Шайлдабекова: Мындай бузуу Бекешевдин каттоосун жокко чыгарууга негиз боло албайт деп ойлойм