Шайлдабекова: Мындай бузуу Бекешевдин каттоосун жокко чыгарууга негиз боло албайт деп ойлойм

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова депутаттыка талапкер Дастан Бекешевдин айланасындагы жагдай тууралуу Vesti.kg басылмасына маек курду. Бекешев үгүтчүлөргө төлөгөн акча шайлоо фондунан бөлүнгөн эмес, ошондой эле, үгүт иштерине жашы жете элек балдарды аралаштырган болушу мүмкүн деп шектелип жатат.

Нуржан Шайлдабекова

Шайлдабекованын айтымында, БШКга УКМКдан Бекешевдин үстүнөн арыз келип түшкөн. Боршайкомдун сайтындагы арыздардын жана бузуулардын реестринде «маалымат текшерүү үчүн БШКнын көзөмөлдөө-текшерүү тобуна берилгени» айтылган.

«Тең салмактуулук принцибин эске алуу менен кесиптештер талапкер Дастан Бекешевдин үстүнөн укук коргоо органдарынан келип түшкөн материалдарды карайт. Албетте, шайлоочуларды сатып алуу сыяктуу мындай мыйзам бузууда каттоого алуудан баш тартууга негиз бар. Жашы жете элек балдарды үгүт иштерине аралаштырууну үгүт эрежелерин бузууга киргиздик. Бирок мындай бузуу каттоону жокко чыгарууга негиз боло албайт деп ойлойм», — деди БШКнын төрайымы.

Анын айтымында, Бекешевдин үстүнөн түшкөн арыздарды Боршайком 18-ноябрдан баштап талкуулай баштайт.

Буга чейин БШК депутат Дастан Бекешевге мөөнөтүнөн мурда үгүт кылганына байланыштуу эскертүү берген. БШКнын мүчөсү Кайрат Маматовдун айтымында, талапкер эки же андан ашык эскертүү алган учурда комиссия аны шайлоого катышуудан четтетүү маселесин карашы керек.

Бекешевдин айланасында эмне болуп жатат?

Депутат Дастан Бекешев 28-ноябрына өтө турчу парламенттик шайлоого Бишкек шаарынын Октябрь районундагы бир мандатуу округдан талапкерлигин көрсөткөн.

15-ноябрда Бекешев дээрлик 4 саат УКМКда сурак берип чыккан. Кийин УКМК Дастан Бекешев үгүт компаниясына жашы жете элек өспүрүмдөрдү аралаштырып, аларга шайлоо фондуна тиешеси жок булактан айлык төлөгөн болушу ыктымал деп билдирген.

Дастан Бекешев сурактан кийин.

УКМК «шайлоо мыйзамдарын бузуу фактысы боюнча» сотко чейинки өндүрүш башталганын кошумчалаган. Иликтөө «Шайлоо жана референдум өткөрүүдө каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу» беренеси боюнча жүрүп жатат.

Бекешев айыптын баарын четке кагууда. Ал өзүнө карата административдик ресурс колдонулуп жатат деп эсептейт.

Тема боюнча окуңуз:

«Мыйзамдуулукту булбулдай сайрайт, бирок аны өзү бузат». Президент Бекешев тууралуу

УКМК Дастан Бекешевдин жардамчысын суракка чакырды