Ош: «Ата-Журт Кыргызстандын» талапкери Алишер Козуев шайлоого байкоо жүргүзүүдө

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын талапкери Алишер Козуев бир тууганы Семетей Козуев менен бирге Ош шаарындагы Амир-Тимур кичи районунда шайлоого байкоо жүргүзүп жүрөт.

Бул тууралуу «Азаттыктын» кабарчысы Дастан Үмөтбай уулу Фейсбук баракчасында жүктөгөн тасмадан белгилүү болду. Анда Козуевдер шайлоону көзөмөлдөп жүрүшкөнүн айтышкан.

Ошондой эле видеодон талапкер Алишер Козуев участоктун ичинде эмес, сыртында жүргөнүн белгилеп, кетип калганын көрүүгө болот.

Козуев жана анын тарапташтары шайлоо процессин биринчи жолу «көзөмөлдөп» жүргөн жок. 11-июлдагы Ош шаардык кеңешине кайра шайлоодо «Клооптун» журналисттери «Ынтымактан» талапкер болгон Семетей Козуевди №5558 тилкеден жолуктурган.

Козуев журналисттерге маек куруудан баш тартып, бирок киийнчерээк шайлоо участокторунда добуш берүү кандай өтүп жатканына көз салып жүргөнүн айткан.

Аталган партия шайлоого бир күн калганда катышуудан баш тартууга аргасыз болгон. Анткени алардын талапкерлеринин бири добуш сатып алууга шектелип кармалган болчу.

Кыргызстанда 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо өтүп жатат. Бул ирет шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Партиянын талапкерлери «ачык тизме» менен шайланат. Жаңы Конституция боюнча депутаттардын саны 90го чейин азайды.