«Ордо» партиясынын лидери Мирбек Мияров дайынсыз болууда

«Ордо» партиясынын өкүлү Мирлан Мамытов партия лидери Мирбек Мияров менен кечетен бери байланыша албай жатышканын «Клоопко» билдиришти.

Мамытовдун кабарлашынча, Мияров менен акыркы жолу кечээ 28-ноябрда 14:40та №44 мектепте добуш берип жатканда көрүшкөн.

«Андан кийин биз да, үй-бүлөсү да аны менен байланыша албай жатабыз. Шайлоонун алдына ала жыйынтыктарын айталы деп бүгүн эртең менен чалсак дагы телефону өчүк. Ошол боюнча дайынсыз. Биз кыжаалат болуп жатабыз. Эми кайда экенин так айтуу кыйын», — деди ал.

Бир нече ЖМКлар Мияров «УКМКда болушу мүмкүндүгүн» жазды. Бирок партия өкүлү Мияровду атайын кызмат кармап кете тургандай жагдай жок экенин айтат.

«Эч кандай мыйзам бузуу болгон жок. Жада калса биз эң таза үгүт жүргүздүк. Реклама да кылган жокмуз», — деп билдирди «Клоопко» партиянын өкүлү.

Ошондой эле партия өкүлү бийликтен Мияров тууралуу комментарий берүүсүн талап кылууда.

Мирбек Мияров 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого ат салышкан «Ордо» партиясынын лидери. Партия жыйынтыгы жокко чыгарылган 2020-жылдагы парламенттик шайлоого да катышкан.

Алдын ала жыйынтык боюнча партия шайлоодон 0,45% добуш алды.

Даярдаган: Чолпон Бейшелен кызы

Тема боюнча: Парламенттик шайлоонун жыйынтыктары