«Тоодо жүрүптүр». Мирбек Мияров эки күн кайда жүргөнү айтылды

«Ордо» партиясынын эки күндөн дайыны билинбей жаткан лидери Мирбек Мияров үйүнө кайтып келди. Ал 28-ноябрь күнү шайлоо башталгандан бери дайынын билдирбей кеткен.

«Ордонун» саясий кеңешинин мүчөсү Мирлан Мамытовдун айтымында, Мияров байланышка чыгып, эки күн кайда жүргөнүн айтып берген.

«Көрсө биздин лидер тоого кеткен экен. Ал жакта телефону өчүп, унаасы бузулуп калыптыр. Аялы кай жерде экенин билген экен, ошондуктан милицияга билдирбептир», — деп билдирди ал 24.kg басылмасына курган маегинде.

Мияров жоголгону 29-ноябрда эле айтыла баштаган. Анда саясатчынын туугандарынын бири аны УКМК кызматкерлери кармап кетиши мүмкүн экенин айткан. Бирок УКМК бул маалыматты «Клооптун» журналистине төгүндөп, алар саясатчыны кармашпаганын билдирген.

30-ноябрь күнү эртең менен Ленин РИИБи Мияров изделип баштаганын маалымдаган. РИИБден милицияга саясатчынын жубайы да кайрылып, ал жолдошун издөөнү токтотууну суранганын кошумчалашкан.