УКМК «Ордонун» лидери Мирбек Мияров кармалбаганын билдирди

Мирбек Мияров

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери «Ордо» партиясынын лидери Мирбек Мияровду кармаган эмес. Бул тууралуу «Клоопко» атайын кызматтан 29-ноябрда билдиришти.

Буга чейин «Ордонун» өкүлү Мирлан Мамытов партия лидери кечээтен бери дайынсыз болуп жатканын билдирген. Мамытовдун айтымында, ал Мияров менен акыркы жолу 28-ноябрда 14:40та №1026 шайлоо участогунда добуш берип жатканда көрүшкөн.

«Андан кийин биз да, үй-бүлөсү да аны менен байланыша албай жатабыз. Шайлоонун алдына ала жыйынтыктарын айталы деп бүгүн эртең менен чалсак дагы телефону өчүк. Ошол боюнча дайынсыз. Биз кыжаалат болуп жатабыз. Эми кайда экенин так айтуу кыйын», — деген ал.

Бир нече ЖМКлар Мияров «УКМКда болушу мүмкүндүгүн» жазган. Бирок партия өкүлү Мияровду атайын кызмат кармап кете тургандай жагдай жок экенин билдирген.

Мияров жетектеген «Ордо» партиясы парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча 0.44% добуш алды. Аталган партия 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоого да катышкан болчу.

Ал эми бийлик алмашкандан кийин Мияров бир канча убакты өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген. Саясатчы бул кызматты ага президент Садыр Жапаров сунуштаганын айтып, « толкундоолордун шартында мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калуу» үчүн кызматка барганын билдирген.

Мияров Чүйдүн башчылыгынан үстүбүздөгү жылдын март айында алынган. Анын ордуна Эркин Тентишев келген.