Өзгөн: Жеңил унаа сайга түшүп кетип эки киши каза тапты, эки адам ооруканада

Сүрөт: ӨКМ

29-ноябрда Ош облусунун Өзгөн районунда жеңил унаа сайга түшүп кетип эки киши каза тапты. Дагы эки жабырлануучу ооруканага жеткирилди.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсык Өзгөндүн Чечебай айылында болгон. Анда Daewoo-Tico үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай сайга кулап кеткен.

Кырсыктын кесепетинен эки киши жеринде каза тапкан. Алардын сөөгүн туугандары алып кеткен. Жабыркаган дагы эки киши тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген.

Ош облусунда 10 айдын ичинде эле 660 унаа кырсыгы катталган — анын кесепетинен 102 киши каза таап, 1 157 киши ар түрдүү жаракаттарды алган.

Жалпысынан Кыргызстанда 2021-жылдын башынан октябрь айына чейин катталган жол кырсыктарынан 587 киши каза тапкан. 5 437 жол кырсыгы катталып, 8 298 киши жаракат алган. Былтыркы жылга салыштырмалуу кырсыктар 29,2%га өскөн. Ал эми андан жаракат алгандардын саны 31%га, каза тапкандар 15,3%га көбөйгөн.

Жыл башынан бери бир нече кишинин өмүрүн алган ири жол кырсыктары көп каттала баштаган. Унаа жолдо каза тапкандардын арасында ымыркайлардан тарта карыяларга чейин бар.