COVID-19: Акыркы суткада үч адам каза болуп, 53 жаңы учур катталды

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 1-декабрга карата коронавирустан үч бейтап каза болуп, илдеттен 102 адам айыкты. Ал эми жуктуруунун 53 жаңы учуру катталды.

  • Бишкек шаарында — 18;
  • Чүй облусунда — 10;
  • Баткен облусунда — 8;
  • Ысык-Көл облусунда — 7;
  • Жалал-Абад облусунда — 7;
  • Ош облусунда — 3.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 183 404кө жетти. Ал эми өлкө боюнча 178 332 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 749 адам көз жумду.

Учурда 378 бейтап ооруканада, ал эми 466 киши үй шартында дарыланууда.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 1-декабрга карата 10 555 адам COVID-19га каршы вакцина алды, анын ичинде 6 044 адам биринчи дозасын, ал эми 4 511 киши экинчи дозасын алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.