«Саясий зомбулукка орун жок». Байсалов Текебаевге кол салуу боюнча пикирин билдирди

1-декабрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча пикирин Твиттерге жазды.

«Азыр эле “Парк отелде” Өмүрбек Текебаевге кол салуу болгонун кабарлашты. Кандайдыр бир топтун аны уруп-сабоого аракет кылганы биздин маданиятыбызга таптакыр жат көрүнүш. Кыргызстанда саясий зомбулукка орун жок», — деп билдирди ал.

Бир нече саат мурда Бишкектеги «Парк отель» мейманканасында «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу аракети болгон. Текебаевдин айтымында, ондогон беткап кийген адам саясатчыны кичи автобуска салып алып кетүүгө аракет кылган.

Кол салуудан кийин Текебаев «Жалбырак» телеканалы аркылуу түз эфирге чыгып, окуянын чоо жайын айтып берген. Анда саясатчынын бети көгөрүп, эриндери кан болгонун көрүүгө болот.

Атамекенчилердин лидери бул окуяны саясий ишмердүүлүгү менен түздөн-түз байланыштуу деп эсептейт.

«Бул чыныгы саясий кол салуу, саясий террордун башталышы. Менден баштаса [коркутууну] башкалар андан бетер коркуп калат деп ойлошту. Эмнеге силер шайлоонун жыйынтыгына нааразы болосуңар деп ачык айтышты», — деди Өмүрбек Текебаев.

Тема боюнча: Бишкекте «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу аракети болду

Өмүрбек Текебаевге кол салуу учурунда тартылган видео тарады