«Бөйрөгүмө чейин тепкилешти». Көк-Таштын 65 жаштагы тургуну тажик жарандары тарабынан сабалды

Жоробай Айдаров. Скрин Арзыгүл Галымбетова түз эфиринен алынды

Баткен районунун Көк-Таш айылынын 65 жаштагы тургуну Жоробай Айдаров 1-декабрда аны тажик жарандары кармап кетип «ур-токмокко алганын» билдирди. Облустук милиция окуя боюнча териштирүүнү баштады.

Айдаров окуя кандай болгонун жергиликтүү журналист Арзыгүл Галымбетовага айтып берди. Жабырлануучу түшүндүргөндөй, ал 1 баш бодо малы жоголуп аны издеп чыкканда адашып Тажикстандын Майский айылына кирип кеткен.

Анын айтымында, аны алгач курулушта иштеп жаткан 7-8 тажик жараны көрүп калып дароо кармап, ур-токмокко алышкан. Андан соң «колу-бутун чынжыр жана жип менен байлап» алып кетишкен.

«Эки-үч кабат каптарды кийгизип, жип, чынжыр менен байлап салган, эч кыймыл жок. “Кыймылдабаң, кыймылдасаңыз урабыз” дешти. “Кыргызстандын оппозициясымын деп айтың биз видеого тартып алабыз” дешти. Ура бергенден кийин айттым да анан … Колу-бутум, башым, бөйрөгүмө чейин тепкилешти», — деди ал.

Ал кармагандардын арасынан «Мурад деген тажик кошунамдын баласын гана тааныдым» дейт. Кийинчерээк көзүн ачса мектептин жер төлөөсүндө жатканын көргөн. Андан кийин тажик милиционерлер келип калганын айтат.

«Алар “сиз картаң экенсиз, тополоң болуп кетпесин, өлүм болбосун, сизди үйүңүзгө алып барып коёбуз” дешти. Жиптерди чечип, “беттериңди жуу” деп чачыктарды алып келип жуудурду. Баштарымдан бери көө экен. Кийин борбордук көчөгө таштап кетишти, ал жактан балдар күтүп алып тез жардам чакырышты», — деди ал.

Ал эми Айдаровдун жубайы күйөөсүнүн бул абалга түшкөнүн «кордук» деп атап, бийликтен көйгөйлүү тилкенин маселесин чечип берүүнү талап кылды.

«Мойнуна чынжыр салып, иттей сүйрөп алып кетиптир. Бул кандай кордук?! Түшүнбөйм бул бийликтегилер эмне иш кылып жатат?! Ошол жерди чечип бериш керек эми. Мазарга кеткен бир көчө бар, ошону биздин жол деп киришет. Бизге ошол жакты тосуп бериши керек. Биз өтө кыйын абалда турабыз», — деп нааразы болду ал.

Баткен облустук бириккен ооруканасынын травматология бөлүмүнүн башчысы Кудайберди Жаникулов «Турмуш» басылмасына Айдаров ооруканага 1-декабрь саат 17:30 чамасында жеткирилгенин билдирди.

Ал бейтаптын мээси чайкалганын, жумшак ткандары жаракат алганын, учурда абалы «дурус» экенин айтты. Ошондой эле ал экинчи топтогу майып болгондуктан тиешелүү адистердин кароосунан өткөрүлгөнүн кошумчалады.

Баткендин тургунунун сабалышы боюнча иликтөө башталды

Ал эми Баткен ОИИБден «Клоопко» Көк-Таш айылынын Дахма участкасынын тургуну Жоробай Айдаров 1-декбарда саат 14:00 кармалганын билдиришти.

Милициядан Айдаров жоголгон бодо малын издеп барган учурда аны Тажикстандын чек ара кызматкерлери кармап Исфара РИИБдин кызматкерлерине өткөрүп беришкенин айтышты.

ОИИБден андан соң соң Көк-Таш айылынын 40-50гө жакын тургуну чогулуп Айдаров тажик жарандары тарабынан сабалганын айтышып, Тажикстандын Майский айылынын тургунун кармап алышканын маалымдашты.

Андан соң, Таджик республикасынын Майский айылынын 10-15ке жакын жергиликтүү тургундары чогулушкан.

Ал эми эки өлкөнүн милиция кызматкерлери сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин тажик тарап Айдаровду Баткен РИИБсинин Көк-Таш айылындагы бөлүмчөсүнө өткөрүп берген.

«Бул факты Баткен РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, жабырлануучу Айдаровдун денесинен алган жараатынын оордук даражасын аныктоо максатында тиешелүү экспертизалар дайындалды. Азыркы учурда текшерүү иштери жүрүп жатат», — дешти Баткен ОИИБден.

Чек ара тилкесинде атылган ок

УКМКнын Чек ара кызматы 1-декабрь саат 21:15 чамасында Баткен районунун чек арага чектеш Көк-Таш айылынын Дахма тилкесине жакын жерде Тажикстан тараптан белгисиз кишилер 7-8 жолу ок чыгарышканын билдирген. Ок болжолдуу мерген куралынан атылган.

Жагдайдын чоо-жайын тактоо үчүн эки өлкөнүн чек ара застава башчылары ыкчам түрдө жерине барышып, ок чыгарган кишилерди издөө тууралуу макулдашышкан.

Ошондой эле Баткен облусу боюнча чек ара өкүлү, полковник Кыялбек Төлөнбаев Тажикстандын Согди аймагы боюнча чек ара өкүлү менен телефон аркылуу сүйлөшүп, мамлекеттик чек арада чагымчылдыктарды болтурбоо тууралуу келишишкен.

Ал эми түнкү саат 23:30да Төрт-Көчөдө чек ара кызматтарынын жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жолугушкан. Анда коопсуздукту камсыз кылуу максатында 2-декабрдан баштап чек ара тилкесинде биргелешкен күзөт иштерин жүргүзүү чечимин кабыл алышкан.

Чек ара кызматынан түн тынч өткөнүн айтышып, 2-декабрь саат 9:00гө карата «абал туруктуу» деп билдиришкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Чек ара кызматы: Баткендин Дахма тилкесине жакын жерде ок атылды, учурда абал туруктуу