Орхан Инандыга паспорт берүү иши: Фарид Ниязов 5-февралга чейин камакта калды

Фарид Ниязов. Сүрөт: «Апрель».

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовдун камакта калуу мөөнөтү 5-февралга чейин узартылды. Мындай чечимди Биринчи май райондук сотунун судьясы Таалайбек Турсунбеков чыгарды.

Соттун кийинки отуруму 16-декабрь саат 16:00гө белгиленди.

Фарид Ниязов «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыга мыйзамсыз паспорт берүү ишинде фигурант.

Сот отуруму жарандарга жана ЖМКлар үчүн ачык болгону менен судья съёмка кылууга тыюу салды.

Фарид Ниязовдун иши

Фарид Ниязов жана экс-президент Алмазбек Атамбаев «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Орган Инандыга мыйзамсыз паспорт берген деп айыпталып жатышат.

Ниязов «Коррупция» беренеси боюнча өзүнө карата козголгон кылмыш ишин «саясий буйрук» деп эсептейт.

Аталган иш боюнча сотко чейинки өндүрүш Бишкек ШИИБи тарабынан «Сапат» эл аралык билим берүү комплексинин негиздөөчүсү Орхан Инанды* уурдалгандан кийин башталган.

«Кылмыш ишинин саясий өңүтү бар, максаты коомчулуктун көңүлүн Кыргызстандын жаранын мыйзамсыз чыгарып кетүүдөгү УКМКнын жана ИИМдин жетекчилеринин шалаакы аракеттеринен жана кылмыш жоопкерчилигинен буруу болуп эсептелет», — деди Ниязов.

*Орхан Инанды кыргыз жарандыгын 2012-жылы алган. Ал уурдалгандан кийин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тергөө ага берилген паспорттун мыйзамдуулугун 2019-жылдан бери текшерип жатканын айткан.

«Күч түзүмдөрүнүн “Сапаттын” негиздөөчүсүнүн айланасындагы соңку аракеттеринин баары Кыргызстандын УКМКсы жана ИИМи чет өлкөнүн атайын кызматтарына кызмат кылууда деген коомдук пикирди күчтөндүрүп жатат», — деп эсептейт Ниязов.

Орхан Инанды деген ким?

Орхан Инанды — «Сапат» эл аралык билим берүү мекемелеринин президенти. Ал үстүбүздөгү жылдын 31-майында Бишкектеги үйүнүн жанынан уурдалган. Ал дээрлик бир ай бою дайынсыз болуп, андан кийин 6-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды террорчуларга каршы операциянын алкагында өлкөгө алып келингенин билдирген.

Анын айтымында, Түркиянын Улуттук чалгындоо кызматы (МИТ) «террористтик уюмдун жогорку мансаптуу мүчөсүн» кармап, Түркияга алып келген. Ошондой эле, ал аталган атайын операциянын алкагында Түркияга 100дөн ашуун адам жеткирилгенин белгилеген.

Түркиянын бийлиги «Сапат» билим берүү тармактары дин аалымы Фетхуллах Гүлен жана анын ФЕТО уюму тарабынан каржыланат деп эсептейт. Түркияда бул уюм террористтик деп табылган.

12-июлда Түркиянын соту Инандыны куралдуу террордук уюмду башкарган деген айып менен камакка алган.

TRT улуттук телеканалдын маалыматы боюнча, Орхан Инанды көрсөтмөсүндө Түркияда террористтик деп таанылган FETO оппозициячыл ислам уюмуна байланыштуу маалымат берген. Журналисттер белгилешкендей, Инанды өкүнүү жөнүндө жобону колдонгусу келбей койгон.

«Фетхуллах Гүлендин террордук уюму тууралуу айтып жатып, Орхан Инанды “террордук уюм” деген сөздү колдонгон эмес», — деп айтылган билдирүүдө.

Орхан Инандынын жактоочусу Халил Ибрагим Йылмаз кийинчерээк «Сапат» мектебинин президенти Бишкекте кыргыз улутундагы үч киши тарабынан уурдалганын, Инанды аларды буга чейин көрбөгөнүн айтып берген.

Йылмаз Инанды күнөөнү мойнуна албаганын жана тергөө менен кызматташуудан баш тартканын айтып берген. Ошол эле учурда, өзүнүн Кыргызстандагы ишмердүүлүгү тууралуу суроолорго ачык жооп берген. Ошондой эле, ал Инандыга азырынча айып тагылбаганын белгилеген. Ал тергөө дагы үч айга уланаарын да айткан.

Ал эми Аскер прокуратурасы 17-августта УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлерине карата «Шалаакылык» жана «Чек ара кызматын өтөө эрежелерин бузуу» беренелери менен сотко чейинки өндүрүш ишин ачты.