Ахматбек Келдибеков сурактан кийин шайлоонун жыйынтыгына ишенгенин айтты

Жогорку Кеңештин экс-төрагасы, «Азаттык» партиясынын талапкери Ахматбек Келдибеков УКМКга сурак берип чыккандан кийин Боршайкомдун сервериндеги маалыматты өзгөртүүгө шайлоо комиссиясынын же дагы башка бирөөнүн мүмкүнчүлүгү жок экенине ишенгенин билдирди.

«Серверге кирүү үчүн сөзсүз каттоодон өтөт, ким качан кирди, качан чыкты көрүнүп турат. Ал базаны өзгөрткөнгө Боршайкомдун же башка бирөөнүн мүмкүнчүлүгү жок экенин өзү көзүм менен көрүп, ишендим», — деп билдирди Келдибеков.

Аны менен катар, парламенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу эл арасындагы күмөн ойлорду жок кылуу үчүн добуштарды кол менен саноо менен гана жетишүү мүмкүн экенин кошумчалады.

Анын айтымында, санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев, БШКнын программалык-техникалык камсыздоо жана маалыматтардын коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Аскар Акимбаев менен бирге эки сааттан ашык талкуу жүргүзгөн.

Келдибеков талашып-тартышуунун аркасында шайлоо күнү БШКнын сайтында ката маалыматтын жарыяланганы добуштардын суммасын чыгаруудагы шайлоо комиссиясынын адистеринин «элементардык катасы экени далилденди» деп баса белгиледи.

Келдибековдун УКМКга чакырылышы

2-декабрь күнү экс-депутат Ахматбек Келдибеков УКМКга суракка чакырылган. Атайын кызмат суракка талапкердин парламенттик шайлооонун жыйынтыгына байланышкан видеосу себеп болгонун жарыялаган.

Анда Келдибеков автоматташтырылган эсептөөчү урнадан чыккан дүмүрчөктөгү сандар менен сайттагы маалыматты салышытырып, «добуштар уурдалууда» деп айтып чыккан. Ал БШКнын добуштарды саноосу күмөн жаратарын белгилеп, кайрадан шайлоо өткөрүүнү талап кылган.

Ахматбек Келдибеков УКМКда экени айтылгандан кийин саясатчынын тарапташтары атайын кызматтын алдына чогулушкан. Чогулгандарга Улуттук коопсуздук комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев чыгып жолуккан.

Ташиев журналисттерге курган маегинде «Келдибеков Борбордук шайлоо комиссиясынын иши боюнча өзүнчө бир схема түзүп, туура эмес маалыматтарды таратып жатканы үчүн» чара көрүп жатканын айткан.

«Ахматбек Келдибековду чакырып, мамлекеттик система кандай иштерин, мамлекеттик деңгээлде кандай корголорун, сакталарын көрсөтүп берип жатабыз», — деген Ташиев.

Ахматбек Келдибеков деген ким?

Ахматбек Келдибеков ар убактарда ар кандай жетекчилик кызматтарды аркалаган. Президент Аскар Акаевдин учурунда ал Социалдык фондду жетектеген. Бакиевдин учурунда болсо Салык кызматын башкарган. Ал эми 2010-жылдан тарта 2011-жылдын декабрына дейре парламенттин спикерлик кызматын аркалаган.

Келдибек 2017-жылы президенттик кызматка талапкерлигин көрсөткөн, бирок соттолгондугу жабыла элек болгондуктан шайлоо өнөктүгүнө катышпай калган.

Ал 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо «Азаттык» партиясынан ат салышкан. Партиянын талапкерлери, анын ичинде Келдибеков дагы шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, аны жокко чыгарып, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылган.

3-декабрда жарыяланган маалыматка таянсак, бюллетендердин 92%ы саналып бүткөндо «Азаттык» партиясы шайлоочулардын добушунун дээрлик 4,01%ын алган. Бул партия Жогорку Кеңешке өтпөйт дегенди түшүндүрөт.