Бузуулар кодексинде унааны мас абалда айдоо үчүн жаза күчөтүлдү

1- декабрда күчүнө кирген Укук бузуулар жөнүндө жаңы кодекске ылайык, мас абалында унаа башкаруунун жазасы күчөтүлдү. Бул тууралуу кайгуул милициядан билдиришти.

Эми «алкоголго мас болуп, баңгизат, психотроптук же башка маң заттарды колдонуп унаа башкарган айдоочуга 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынат же 30-40 саатка чейинки коомдук жумушка тартылат».

Экспертиза өтүүдөн баш тарткан айдоочулар да 17 миң 500 сом айып пул же 30 сааттан 40 саатка чейин коомдук жумуштар менен жазаланат.

Эгер айдоочу бир жылдын ичинде унааны кайра мас абалында башкарып жүргөнү байкалса же күбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тартса — 20 миң сом штрафка жыгылат же 40 сааттык коомдук жумуштарга тартылат же үч суткадан беш суткага чейин камалат.

Эми унаасын мас абалындагы же айдоочулук күбөлүгү жок адамга айткан унаа ээлери да жазаланат. Бул учурда ага 15 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат.

Мындан тышкары, мас абалындагы айдоочу өлүмгө алып келген кырсыкка себепчи болсо 3 жылга чейин тиешелүү кызматтарда иштөө же иш жүргүзүү укугунан ажыратылып, 8 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.

ИИМдин маалыматына ылайык, 2021-жылдын тогуз айында эле Кыргызстанда беш жарым миңге жакын жол кырсыгы катталып, дээрлик 600 киши каза тапкан.

Сabar.asia’нын журналисттери Кыргызстанда акыркы 10 жылдын ичинде жол кырсыгынан 10 миңге жакын киши каза тапканын эсептеп чыгышкан.

«Жол кырсыктарынын 95% адамдык фактордун негизинде болот, башкача айтканда, айдоочулар жол кыймылынын эрежелерин бузат же жолдо жүрүү эрежелерин билбейт. Мындан сырткары, алардын көбү жолдо жүрүү маданиятына баш ийбейт», — деген ушул жылдын сентябрында ЖКККББнын жетекчиси Азамат Исраилов.