Соцфонд жеңилдетилген кредит берүү үчүн өз банкын түзүүнү көздөйт

Социалдык фонддун жетекчиси Бактияр Алиев 3-декабрдагы брифингде соцфонд ишкерлерге жана жарандарга төмөн пайыз менен насыя бере турган социалдык банк ачууну пландап жатканын кабарлады.

Анын айтымында, Соцфонд даяр банктардын бирин сатып алып, анын негизинде өзүнүн банкын түзүүнү пландап жатат.

«Биз өзүбүздүн социалдык банкыбызды түзүүнү көздөп жатабыз. Бирок бул кандайча ишке ашары азырынча белгисиз, балким, өлкөдө иштеп жаткан банктардын бирин сатып алабыз. Билбейм, балким “РСК Банк” же башка болушу мүмкүн», — деди Алиев.

Анын айтымында, жаңы түзүм «чакан жана орто бизнести ортомчусуз каржылайт».

«Чакан жана орто бизнести ортомчуларсыз каржылап, керектөө насыяларын бере алабыз. Ошого жараша насыянын пайыздары эки эсе төмөндөйт. Мындан тышкары, ипотекалык насыя менен алектенип, үйлөрдү өзүбүз кургубуз келет. Эгер банкыбыз болсо анда бизге ортомчулардын кереги жок болмок», — деп билдирди Социалдык фонддун жетекчиси.

Алиев кошумчалагандай, Соцфонд насыянын үстөк пайыздарын төмөндөтүп, 3 пайыз менен бере алат. Анын айтымында, учурда насыялар ортомчулардын айынан 8-10 пайыз менен берилүүдө.

«Эгер мамлекет бизге жерди бекер берип, ал жакка коммуникацияларды тартып берсе, өздүк нарк азайып, анын эсебинен насыяларды 3%га түшүрө алабыз», — деди ал.

Соцфонд жетекчиси бул план жакын арада министрлер кабинетине көрсөтүлөрүн, андан кийин ал аны ишке ашыруунун бардык жолдорун карап чыгаарын белгиледи.

Кыргызстанда буга чейин эле Мамлекеттик ипотекалык компаниянын «Жеңилдетилген ипотека» багыты боюнча «Менин үйүм 2021-2026» программасы башталган. Бул программа аркылуу мамлекеттик кызматкерлер үй сатып алууга 4% үстөк менен насыя ала алат.

Программанын катышуучусу алгач сатып алып жаткан кыймылсыз мүлктүн наркынын 10%ын төгүп же кошумча күрөө коюшу керек. Кредиттин максималдуу суммасы 4 млн сомду түзөт.