Акыркы суткада коронавирустан эки адам каза болду

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 4-декабрга карата коронавирустан эки бейтап каза болуп, илдеттен 72 адам айыкты. Ал эми жуктуруунун 63 жаңы учуру катталды.

  • Бишкек шаарында — 31;
  • Ысык-Көл — 5;
  • Чүй облусунда — 12;
  • Баткен облусунда — 5;
  • Ош облусунда — 2;
  • Жалал-Абад облусунда — 8.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 183 573гө жетти. Ал эми өлкө боюнча 178 550 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 757 адам көз жумду.

Учурда 394 бейтап ооруканада, ал эми 389 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.