Реванштык беттеш. Жуманазарова орусиялык Велиеваны дагы бир жолу жеңди

Кыргызстандык Мээрим Жуманазарова 3-декабрда Москвада өткөн эл аралык спорттук күрөш боюнча «АЛРОС Кубогу – Москва гран-приси» мелдешинде орусиялык Ханум Велиеваны жеңди. Кыргызстандык балбан атаандашын 3:2 эсебинде утту.

Ханум Велиева жана Мээрим Жуманазарова. Сүрөт: Bishkek.24.kg

Бул эки спортчунун биринчи жолку эле беттеши эмес. Буга чейин алар октябрдагы дүйнө чемпионатынын жарым финалында күч сынашышкан. Анда Мээрим Жуманазарова 2:3 эсебинде утулуп жаткан, бирок беттештин соңунда упай топтоп жеңишке жетишкен. Анткени акыркы аракет аныкы болчу. Андан кийин чемпионаттын финалында спортчу алтын медалды багындырган.

Бирок бул Орусия курамасынын тренерлер штабын канааттандырган эмес. Алар калыстар кабыл алган чечимди даттанышаарын билдиришкен. Орус тренерлеринин пикиринде, «калыстыкты жоопкерчиликтүү, туура ой калчаган жана жоопкерчиликтүү адамдар аркалашы керек» болчу.

Кийинчерээк машыктыруучу Нурбек Изабеков Орусиянын Күрөш федерациясынан Жуманазарова менен Велиеванын беттешин уюштуруу боюнча сунуш түшкөнүн айткан. Кийин алар реванштык беттеш өткөрүүнү макулдашышкан.

Мээрим Жуманазарова— эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону, Токиодо өткөн Олимпиада-2020 оюндарынын коло медалынын ээси.