«Үмүттүн музыкасы». Ошто аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка каршы концерт өттү

Сүрөт: Ош мэриясы

4-декабрда аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниянын алкагында мамлекеттик филармониянын оркестри биринчи жолу Ош шаарында концерт койду. Ал «Үмүттүн музыкасы» деп аталып, БУУ аялдар уюмунун колдоосу менен өттү.

Ош мэриясынын маалыматына ылайык, концерттин ачылышына вице-мэр Венера Рыскулова, президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов, Маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов жана БУУ аялдар уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Улзийсурен Жамсран катышты.

Вице-мэр Рыскулова мындай маданий иш-чаранын уюштурулуп жатканына ыраазычылыгын билдирип, Ош мэриясы эл аралык уюмдар жана коомдук фонддор менен биргеликте аялдарга карата зомбулукка каршы күрөшүү багытында «иштерди жүргүзүп жатканын» айтты.

Концертке маданияттын эмгек сиңирген ишмери Нур Өмүрбаев дирижерлук кылды. Анда заманбап, дүйнөлүк композиторлордун чыгармалары жана белгилүү кинофильмдердеги эң мыкты музыкалар оркестр тарабынан жандуу ойнолду.

Концерттин жүрүшүндө дирижер музыка адамдын жан дүйнөсүн тазартаарын белгилеп, «ушундай музыка жаңырып турганда зомбулукка кол барабы» деп суроо салды.

Сүрөт: Ош мэриясы
Сүрөт: Ош мэриясы
Сүрөт: Ош мэриясы
Сүрөт: Ош мэриясы
Сүрөт: Ош мэриясы

Кыргызстандагы аялдарга карата зомбулук

Бул жылы Кыргызстан Борбор Азияда аялдар үчүн эң эле кооптуу өлкө болуп табылды. Өлкөдө эркектер аялдарды уурдап, зордуктап, өлтүрүп көп учурда жазасыз калышат.

Ошондой эле Кыргызстанда аялдар көбүнчө үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркайт. Акыркы жылдарда жыл сайын 7000дей үй-бүлөлүк зомбулук катталып жатат.

Мындан сырткары, көпчүлүк зомбулук жабырлануучулар милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы расмий статистикадан алда канча кенен экенинен кабар берет.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштер айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет.

Ошондуктан жоопкерчиликке тартылбай турганын билген агрессорлор аялдарын өлтүрүп да коюшу мүмкүн. «Клооптун» журналисттери Кыргызстандагы фемицид тууралуу изилдөө жүргүзүп, аялдар көбүнесе күйөөсү же бирге жашаган өнөктөшүнүн колунан ажал табаарын аныкташкан — бул үй-бүлөлүк зомбулукту убагында алдын албагандык болуп эсептелет.

Кененирээк окуңуз: «Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү