Өткөн суткада COVID-19дун 42 жаңы учуру катталып, бир киши каза болду

Иллюстративдик сүрөт. Автору: Дмитрий Мотинов, Kloop үчүн.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 5-декабрга карата коронавирустун 42 жаңы учуру катталды. 52 киши илдеттен айыгып, 1 киши каза болду.

Жаңы учурлар аймактар боюнча:

  • Бишкек шаарында — 20;
  • Ысык-Көл — 6;
  • Чүй облусунда — 5;
  • Ош облусунда — 5;
  • Жалал-Абад облусунда — 3;
  • Баткен облусунда — 2;
  • Ош шаарында — 1.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 183 миң 615ке жетти. Ал эми 178 миң 602 киши вирустан айыгып, жалпы 2 758 адам көз жумду.

Учурда 380 бейтап ооруканада, ал эми 392 киши үй шартында дарыланууда. Ал эми жалпысынан вакцинанын биринчи дозасын 1 миллион 135 миң 451 киши, экинчисин 915 миң 439 адам алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.