Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн электрдин тарифин төмөндөтүү жарлыгына кол коюлду

Президенттин басма сөз кызматы 6-декабрда Садыр Жапаров аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 2022-жылдын 1-январынан тартып электр энергиясынын тарифин төмөндөтүү тууралуу жарлыкка кол койгонун маалымдады.

Жарлыкка ылайык, минкаб 2022-жылдын 1-январынан тартып 16 жашка чейинки балдары бар, «үй-бүлөгө көмөк» мамлекеттик жөлөкпулун алган муктаж үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясынын тарифин айына 700 кВтс чейин керектегенде 1 кВтс үчүн 50,0 тыйын өлчөмүндө аныктап берет.

Жапаров жарлыкка 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында 2022-жылдан тартып аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясынын тарифин төмөндөтүп берүүнү убада кылгандан кийин кол койду.

«Бир айдын ичинде дагы бир сыйра ревизия кылып чыккыла. 31-декабрга чейин эски тариф менен аласыңар дагы, 1-январдан баштап жаңы, 50 тыйындык тариф менен аласыздар. Ушул 110 518 үйдө. Бир айдан кийин сиздерден сурайбыз», — деп билдирген ал.

Кийинчерээк энергетика министрлигинен аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн жеңилдетилген тариф, алардын керектөө чеги 700 кВт/с ашпаган учурда гана иштей турганын маалымдашкан.

Өлкөдө электр энергиясынын кризиси менен тарифтерди көтөрүү маселеси талкууланып жатканына жарым жылдан ашты. Бийлик өнөр жай жана коммерциялык объектилер үчүн тарифтерди көбөйткөн — алар үчүн жаңы тарифтер 15-октябрдан тартып күчүнө кирген.

Бирок кийинки жылытуу мезгилинен тартып тарифтер катардагы керектөөчүлөр үчүн да 10%га көбөйөт.