БШК: Кол санак ачык-айкын өттү

Борбордук шайлоо комиссиясы бардык участкаларда кол санак учурунда байкоочулар менен кызыкдар тараптын баары катышканын билдирди.

БШКнын төрайымынын орун басары Нурлан Койчукеевдин айтымында, шайлоонун бардык процесси ачык-айкын болду.

Нурлан Койчукеев. Сүрөт: «Кабар»

«Баары ачык болду, ар бир бюллетенде кимге добуш бергени көрсөтүлгөн. Бүткөндөн кийин баары кошулат, ушуга көп убакыт кетти. Кол санак жыйынтыкталгандан кийин протокол түзүлөт, анда кайсы партия же кайсы талапкер канча добуш алганы баары көрсөтүлөт», — деди ал.

Ошондой эле Койчукеев АСУ менен добуштарды кол менен саноонун маалыматтарын текшерүү үчүн уюштурулуп ага кирген партиялардын өкүлдөрү менен БШК жана Жарандык комитеттин жолугушуусу кандай өткөнүн айтып берди.

Анын айтымында, партиялардын атынан келгендердин арасында маселени чечүүгө кызыкдар адамдар болгон, алар өз сунуштарын беришкен, бирок «күнөөнү кимдир бирөөгө оодара коюп упай топтогусу келгендер» да кездешкен.

«Эң аз добуш алгандар, адатта баарынан да көп кыйкырып чыгышат. Система биринчи жолу киргизилди, анча мынча мүчүлүштүктөр болгонун моюнга алуу керек. Көп адамдар, айрыкча айылдарда, белгини кайсы жерге кое турганын билишкен эмес, ошондуктан бузулган бюллетендердин саны көп болгон», — деди Койчукеев.

Бирок «Клооптун» байкоочуларына шайлоо күнү протоколдордун көчүрмөсү массалык түрдө берилбей, аларга кол санакка катышууга уруксат берилген эмес. Мындан сырткары, УШК мүчөлөрү протоколдорду массалык түрдө кайрадан көчүрүп жазышкан.

Протокол — бул шайлоонун жыйынтыгын бекиткен негизги документ. Негизинен, кол санактан кийин протоколго өзгөртүү киргизүүгө жол берилбеши керек. Бирок документти толтурууда комиссия мүчөлөрү дайыма ката кетиришет.

Эгер УШК мүчөлөрү ошол каталарды оңдошсо, анда алар тийиштүү акт түзүүгө милдеттүү.

Бул эмне үчүн маанилүү?

Шайлоодо добуштар эки жолу саналат: алгач автоматташтырылган эсептөөчү үкөктөр аркылуу, андан кийин колго. Мыйзамга ылайык, кол санактын жыйынтыгы расмий болуп эсептелет.

Добуштарды саноодо бурмалоо болбошу үчүн байкоочулар протоколдордун түп нускасын жана өзгөртүү киргизилгендерин сактап алышы керек. Анткени мыйзам боюнча, шайлоонун жыйынтыгы кол санактан кийин гана аныкталат.

Шайлоо күнү БШКнын сайтында мүчүлүштүк кетип, андагы маалыматтар жаңылыш көрсөтүлгөн. Мындан улам бир канча партиялар шайлоонун жыйынтыгынан күмөн санашкан.

Дал ушул себептен добуштарды колго саноонун маалыматтары ачык-айкын болушу керек. Бирок иш жүзүндө шайлоо комиссиялары кол санакты кандай жүргүзгөнү көптөгөн суроолорду жаратууда.

Тема боюнча:

Протоколдор оңдолуп, көчүрмөсү байкоочуларга жапырт берилген жок. Бул эмнеге кооптуу?