Декларация 2019-2020. Депутат Аманкуловдун эки жылдык кирешеси 1 226 356 сомду түздү

Депутат Марат Аманкуловдун 2019-2020-жылдарга карата тапкан кирешеси тууралуу декларациясы жарыяланды. Эки жылда жалпы кирешеси — 1 226 357 сомду түзгөн.

2019-жылы ал 651 690 сом киреше тапкан. Чыгымдары көрсөтүлгөн эмес.

А бирок кыймылсыз мүлк бөлүмүндө сегиз үйү көрсөтүлгөн. Анын үчөөнүн ар биринин аянты 300-380 чарчы метрге, экөө 400-489 чарчы метрге барабар.

Үйлөрүнүн биринин аянты 1500 чарчы метрди түзөт, дагы бир үйүнүкү мындан да эки эсе чоң. Ал эми эң эле чоң үйүнүкү 17 130 чарчы метрди чапчыйт.

Декларациясында төрт унаасы да көрсөтүлгөн — биринчиси «д-крайслер» (америкалык концерндин DaimlerChrysler унаасы окшойт), ошондой эле Volkswagen Passat, Mercedes-Benz 500 жана Mercedes-Benz 208 үлгүсүндөгү унаалары бар.

Аманкуловдун жакын туугандарынын наамында аянты 350 жана 400 чарчы метрди түзгөн эки үй жана төрт автоунаа бар: Mercedes, эки Lexus 570 жана Honda Civic унаалары.

2020-жылы Аманкуловдун кирешеси азайып, 574 667 сомду түзгөн. Чыгымдары көрсөтүлгөн эмес. Декларацияда мурдагыдай эле сегиз үйү көрсөтүлүп, бирок унаалары киргизилген эмес.

А бирок жакын туугандарынын автопаркы көбөйгөн — алты унаа. Үч Lexus 570, бир Lexus RX 350, Honda Civic жана Mercedes-Benz. Декларациядагы үйлөр ошол эле бойдон калган.

2020-жылдагы парламенттик шайлоодо Марат Аманкулов «Биримдик» партиясынын лидери болгон. Партияны экс-президент Сооронбай Жээнбековдун «Биримдиктен» жетинчи чакырылышка ат салышкан иниси Асылбек Жээнбеков менен байланыштырышкан.