Декларация 2019-2020: Шайлдабекова эки жылда дээрлик 2 млн сом киреше тапкан

Мамлекеттик салык кызматы аткаминерлер менен саясатчылардын 2019 жана 2020-жылга карата декларацияларын жарыялай баштады. Салык кызматынын маалыматына ылайык, 2019-жылы Боршайкомдун башчысы Нуржан Шайлдабекова 995 миң сом киреше тапкан.

Документке ылайык, Шайлдабекова аянты 67,4 чарчы метр батирге ээлик кылат, ал эми 2019-жылы болгону 70 миң сом короткон. Анын жакын туугандары бир жылда 1,2 млн сом киреше тапкан.

Ал эми 2020-жылга карата декларацияда Шайлдабекова 1 млн 194 миң сом, жакын туугандары 654 миң сом киреше көргөн. Документке ылайык, БШКнын төрайымынын наамында компьютер, аудио жана уюштуруу техникалары бар.

Нуржан Шайлдабекова 2016-жылдан бери БШКнын төрайымы. Акыркы жолу бул кызматка кайрадан 2021-жылдын 2-июлунда Боршайкомдун жаңы курамы түзүлгөндө дайындалган.